Мазмунга өтүү

Султанбеков Асылбек Ажыбекович

Википедия — ачык энциклопедия

Султанбеков Асылбек Ажыбекович (2.1.1960-ж.т., Жаңы-Базар айылы - 8.5.2013, Бищкек шаары) - аскер кызматкери, подполковник.

  • Кыргыз мамлекеттик университетин бүткөн (1982).
  • 1982-83-жылдары Оштогу “Айыл суу камсыз кылуу” башкармалыгында ин-женер-химик,
  • 1983-84-жылдары Ош соода техникумунда сектор башчысы,
  • 1984-ж. Чаткал райондук даярдоо канторасында башкы экономист,
  • 1984-87-жылдары Чаткал орто мектебинде биология-химия мугалими, директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары,
  • 1987-88-жылдары Башкы-Терек орто мектебинде окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары,
  • 1988-93-жылдары Чаткал райондук билим берүү бөлүмүндө инспектор, профсоюздук комитетинин төрагасы,
  • 1993-97-жылдары Чаткал райондук аскер комиссариатынын орун басары,
  • 1997-99-жылдары Токтогул райондук аскер комиссариатында 1-бөлүмдүн башчысынын орун басары,
  • 1999-2001-жылдары Ала-Бука жана Ноокен райондук аскер комиссариатында 3-бөлүмдүн жетекчиси,
  • 2001-04-жылдары Чаткал райондук аскер комиссары,
  • 2004-07-жылдары Ат-Башы райондук аскер комиссары болуп кызмат өтөгөн.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6