Султанова Жамал
Султанова Жамал Оймочу. 1928-ж. Ат-Башы районундагы Дыйкан айылында төрөлгөн.
Орто билимдүү. Колхоздо эмгектенет. Энеси Бүбүбатманын (анын кармаган буюмдары да айыл аралаган), атасы Султандын (жыгаччы аталган) нускаларын алган. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Жамал үлгү жаратып, ал көркөм нускаларды айыл ичине таратат. Жамалдын накта чарбачылыкты, тоолуктардын турмуш-тиричиликтерин элестеткен табакча-табакча, майда да, ири да, бири-бири менен жиксиз тутумдашкан оюм-көчөттөрү бар. Анда «жагалмай канат оюмунун» ичинен алты «куш оюму» жаралып, анын «колтук оюмунда» «жагалмай канат оюмунун» ичинен «карга тырмак оюму» ачык көрүнүп туруусу уздун кийиз үлгүлөрүндө ачык билинет. Анын буюмдарын айырмалай турган жагдай «кыял оюму» үстөмдүк кылат. Ирээттүү оюм-чийимдерди алмаштыруу-кыйыштыруусу узчулугунда өзүнчө изденүүсүнө жол ачкан. Сүрөтү түстүү баттамада.
Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1990-ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Кийиз буюмдары менен
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0