Сулуу тоосу

Википедия дан

Сулуу тоосуПскем кырка тоосунун түш.-чыгыш тармагы. Каракорум ж-а Жартысуу (Чаткалдын оң куймалары) сууларынын аралыгында.

Түндүк-батыштан түш.-чыгышка карай 26–27 кмге созулуп жатат. Туурасы 5 км. Орт. бийикт. 2800–3300 м. Эң бийик жери 4025 м (Аюутөр чокусу). Тоонун кыры түн.- батышында тик аска-зоокалуу, жапыздаган сайын тайпак тартып кетет. Капталдары тик, жарлуу, кокту-колоттор аз. Тоо карбондун битумдуу ж-а доломиттешкен акиташ теги, кремний катмарынан, түш.-чыгышы (жапыз) палеоген-неогендин боз, бозомтук конгломерат, кумдук, алевролит, мергель тектеринен турат. Талаа ж-а шалбаалуу талаа (2200–2300 м), шалбаабадалдуу токой (2300–2900 м), субальп ж-а альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2