Сульфаниламид дарылары

Википедия дан

Сульфаниламид дарылары — микробдорго каршы таасир этүүчү химия терапия дарыларынын тобу; сульфанил кислотасынын бирикмелери. Бул дарыларды стрептококк, стафилококк, пневмококк, гонококк, менингококк, ошондой эле ичеги, дизентерия таякчалары, чоң вирустар, холера вибриону жана башкалар сезгич келет. Сульфаниламид дарыларынын химиялык түзүлүшү парааминобензой кислотасына окшош болуп микроб клеткасына киргенде аны сүрүп чыгат. Натыйжада микробдордун өөрчүшү үчүн зарыл болгон фоли кислотасынын синтези токтолот, башкача айтканда бул дарылар бактериостаттык таасир берет. Сульфаниламид дарылары ириңдетүүчү инфекцияларда, менингитте, өпкө сезгенүүдө, күйдүргү, кептөөр, дизентерия жана башка ооруларды дарылоодо колдонулат. Дарылоо натыйжалуу болушу үчүн сульфаниламид дарылары чоң өлчөмдө берилет, себеби алар жетишсиз дозада болсо же дарылоо эрте токтотулса, микробдордун сульфаниламиддерге туруктуу түрлөрү пайда болот. Сульфаниламиддердин ичеги-карында сиңиши ар кандай. Кээ бири (стрептоцид, этазол, сульфадимезин) жакшы, кээси начар (фталазол) сиңет. Жакшы сиңүүчү сульфаниламиддер организмдин ткань менен клеткаларына бат чогулат жана алар сууда жакшы эригендиктен организмден тез чыгып кетет. Айрым сульфаниламид дарылары (сульфадиметоксин, сульфапиридазин) узак убакыт (24— 48 саат) таасир этет. Сууда жакшы эрүүчү сульфаниламид дарыларынын бири — сульфацил-натрий. Ал конъюнктивит, трахоманы дарылоодо, көзгө тамчылатканга же дары майы түрүндө сыйпоого колдонулат. Сульфаниламид дарылары врачтын көрсөтмөсү жок узак убакыт кабыл алуудан кан пайда болуунун бузулушу, жүрөк айлануу, аллергиялык реакциялар (кычышуу, бөрү жатыш жана башкалар) болушу мүмкүн. Мындай учурда тезинен врачка кайрылып, кийин ал дарыны сунуш кылбас үчүн врачты эскертүү зарыл. Айрым С. д. бөйрөктө таштын пайда болуусуна түрткү болот. Анын алдын алуу үчүн сульфаниламид дарыларын ичкенде суюктукту (минералдуу суу, чай, сүт жана башкалар) көп ичүү зарыл. Аны кош бойлуулар абайлап ичиши керек, себеби алар баланын тону аркылуу өтүп, түйүлдүккө терс таасир бериши ыктымал. Ошондуктан сульфаниламид дарылары врачтын сунушу боюнча гана колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.;
  • Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8