Сумсар кен башкармалыгы
Көрүнүш
Сумсар кен башкармалыгы - 1952-жылы уюшулган. Коргошун, цинк, түстүү металлдар өндүрүлгөн.
Кен башкармалыгын В.Н, Детковский, Чантурия, Баранов, Р.Алчикенов жетектеген. Башкармалык 1977-жылдары жабылып, анын аймагында Свердловск шаарындагы “Урал энергоцветмет” илимий өндүрүштүк бирикмесинин курамындагы “Цветметэлектроапппарат” заводу түзүлгөн. 1998-жылдан Ала-Тоо илимий өндүрүштүк бирикмесинин курамындагы “Тулпар” заводу аталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6