Мазмунга өтүү

Сумсар полиметалл кени

Википедия — ачык энциклопедия

Сумсар полиметалл кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда, Сумсар суусунун боюнда, Чаткал кырка тоосунун түштүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1350–1450 м бийиктикте. Кен жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1936-ж. алгачкы геол. маалымат берилген. Кен талаасы бир нече км2 аянтты ээлеп, геол. түзүлүшү боюнча бирдей шарттагы Түндүк, Борбордук, Кызылсай, Түштүк-Чыгыш, Ортоаралык, Түштүк, Алыскы сыяктуу бири-бирине жакын жайгашкан участкалардан турат. Кен аймагын девон мезгилинин доломит, акиташ, кумдук, конгломерат тектери жана аларды жиреп чыккан гранодиорит штоктору жана порфирит дайкалары түзөт. Тоотектер бүктөлүүгө дуушарланып, «Чоң Сумсар» брахиантиклиналь структурасын пайда кылган. Бул түзүлүштү Чоңкөл, Кушарт тектоникалык терең жаракалары кесип өтүп, кен талаасын майда бөлүкчөлөргө бөлүп турат. Мында негизинен тектоникалык жаракаларды бойлой бир нече руда тулкулары табылган. Алар доломит тоотегинде талкаланып, өзгөргөн тилкелерде линза, катча, мамы түрүндө жатат. Руда тилкесинин жалпы узундугу 1800 м. Руда галенит, сфалерит, халькопирит ж. б. минералдардан турат. Кен 1950-ж. иштетилген. Алгачкы жылдары ачык карьерден казып алынса, кийин жер астынан алынган. 4247,2 миң т руда казып алынып, андан 65500 т коргошун, 11300 т цинк алынган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]