Супрессия

Википедия дан

Супрессия (лат. supressio - кысуу, басуу) - бир эле геномдо келип чыккан экинчи супрессордук мутациянын биринчи (түз) мутацияны толугу менен, же жарым - жартылай токтотуусу. Биринчилик мутациянын натыйжасында өзгөрүлгөн белгинин толук же жарым-жартылай калыбына келиши супрессордук мутация деп аталат жана алгачкы мутация (ген ичиндеги супрессия) жайгашкан ошол эле генде же түз мутация жүрбөгөн башка гендерде (гендер аралык мутация) келип чыгат. Ген ичиндеги С. мутанттык генден маалыматтарды текшерүүнү тартипке келтирет, же мутанттык белоктун кадимкидей экинчилик (активдүү), үчүнчүлүк жана төртүнчүлүк түзүлүшүн калыбына келтирет. Эгерде түз мутация гендин кайсы-бир сайтына ашык нуклеотидди киргизсе, анда бул берилген гендин текшерүү фазасындагы жылыштарга алып келет. Ушул эле гендин башка сайтындагы нуклеотиддин чыгарылышы, нуклеотиддердин киргизилиши же чыгарылышы менен чектелген бөлүктөрдөн тышкаркы гендин бөлүгүндө текшерүү фазасын калыбына келтирет. Эгерде бул бөлүк анча чоң эмес болсо, ал эми ага дал келүүчү полипептиддин бөлүктөрүнүн өзгөрүшү белоктун молекуласынын иш аракетине таасир этпесе, анда түз жана супрессордук мутациялардын өз ара аракеттенишинин натыйжасында активдүү фермент синтезделет. Эгерде түз мутация белокто амин к-та калдыктарынын алмашылышына алып келсе жана ошону менен бирге анын активдүүлүгүн төмөндөтсө, анда ошол эле гендеги супрессордук мутациянын натыйжасында башка амин к-та калдыктарынын алмашуусу ушул белоктун активдүүлүгүн тартипке келтирет.

Гендер аралык С. түз мутациялардын чыгышына жараша бир нече механизмдердин эсебинен жүзөгө ашат. Супрессор кайсы-бир метаболизмдик синтезине тоскоолдук кылууда, гендеги мутация жетишпеген заттардын биосинтезинин жаңы ыктарына алып келиши мүмкүн; тиешелүү белоктун клетканы кандайдыр-бир кадимки метаболиттеринин адаттагы концентрацияларына жогорку сезгичтигинде, супрессордук мутация бул метаболиттердин концентрациясын төмөндөтөт, жана ошону менен бирге мутанттык молекуланы активдештирет. Ошондой эле гендер аралык С. трансляция аппаратынын өзгөрүшүнүн эсебинен да өтөт. Демек, эгерде түз мутациянын натыйжасында өзгөртүлгөн кодон келип чыкса, анда гендердеги т - РНКнын же рибоомалардын түзүлүшүн жөнгө салуучу кээ бир мутациялар, өзгөртүлгөн кодонду алгачкы же ага жакын кодон катары кабыл алынышына шарт түзөт. С. молекулалык генет-нын башкы проблемаларын жана генетикалык кодду изилдөөдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]