Сурьма сульфиддери
Сурьма сульфиддери — сурьма менен күкурт бирикмелери: Sb2S3, Sb2S5. Сульфиддер бири-биринен туруктуулугу жагынан айырмаланат. Мисалы, Sb3S3 өтө туруктуу, ысытканда эрип, суюктукка айланса, Sb2S5-170°С эле Sb2S3 жана күкүрткө ажырайт. Сульфиддер сууда эрибейт, щелочь эритмелеринде жана күкүрттүү щелочто жакшы эрип, Na3SbS3, эгерде реакцияга күкүрт катышса, Nа3SbS4 пайда кылат. Сульфиддерин абада ысытканда, cурьма оксиддери пайда болот. Sb2S3 кристаллдык жана 2 аморфтук модификациясы бар, кристаллдык формасы жаратылышта кеңири таралган сурьма негизги минералы антимонит деп аталат. Антимонит С. с. алуунун негизги сырьёсу. Кадамжай сурьма комбинатында антимонитке бай сурьма кенин 650-800° ысытуу менен Sb2S3 алынат. Sb2S5 -ачык кызгылт түстөгү, жеңил тутануучу аморфтуу күкүм. Сурьма комбинатында Sb2S5 төмөнкү реакциянын негизинде алат:
Sb2S3+3Nа2S+2S=2Nа3SbS4
2N3SbS4+3H2SО4 =Sb 2S5+ЗNа2SО4+ЗН2S.
Орг. эмес жана физ . химимялык институт лаб-янда С. С. (Sb2S3, Sb2S5) иониттер жардамы менен флотоконцентраттан алуунун жаңы ыкмалары иштелип чыгып, сурьма комбинатында сыноодон өткөрүлүп, өндүрүшкө киргизүүгө сунуш кылынган. С. с. резина, боёк, ширенке өнөр жайында жана жарылгыч заттар алууда кеңири колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6