Сутенова Байма Жапаровна

Википедия дан

Сутенова Байма ЖапаровнаА - жазуучу.

Байма Сутенова Ак-суу районундагы Шапак айылында 1956-жылы 23-ноябрда туулган.
1979-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.
1979-жылдын февраль айынан тартып «Ленинчил Жаш» газетасынын катчылыгында,
1980-жылдан кабарчы, бөлүм башчы,
1982-жылдан Мамлекеттик телерадио тутумунда редактор, бөлүм башчы, башкы редактор,
1991-жылдан телерадиокорпорациянын вице-президенти болуп иштеп келген.

Б.Сутенованын 1981-жылы «Ала-Тоо» журналынын №1 санына «Мамырылар гүлдөгөн жерде» повести жарык көргөн, ушул эле журналдын №3 санында «Менин атам» повести жарык көргөн. 1983–1985-жж. «Ала-Тоо» журналында, «Кыргызстан маданияты» гезиттеринде аңгемелери жарык көрүп турган.
1986-жылы «Бир түндөгү кайра жаралуу» деп аталган радиопостановка-сы, Кыргыз радиосунун алтын казынасына кабыл алынган. 1994-жылы «Тааныш көз караш» повести Кыргыз радиосунун фондусуна Кыргыз Рес-публикасынын эл артисти Советбек Жумадыловдун көркөм окуусунда жазылып калтырылган. 1986-жылы «Жаштык пресс-бары» программасы менен кыргыз телекөрсөтүүсү түз эфирдеги көрсөтүүлөр циклын баштаган. Көрсөтүүдөгү ток-шоу программасын алгачкылардан болуп Б.Сутенова негиздеген. Сая-сат айдыңындагы «Жетиген» программасы рейтинги эң жогору эсептелген телепрограмма катары Кыргыз Республикасынын Президентинин «Алтын калем» сыйлыгына татыган.
1993–2003-жж. «XXI кылым» радиосун жана «Азия плюс» радиостанциясын негиздеген.
1987-жылы «Ак-Сай күндөлүгү» аттуу телефильминде Б.Сутенова сценарист -режиссер катары биринчи дебютун баштаган. 1991-жылы «Кыргыз радиосуна 60 жыл» документалдуу телефильминин сценарийин жазган.
1989-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1992-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы берилген.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Сагыныч: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1988. – 44 б.

Мамырылар гүлдөгөн жерде: Повесттер. – Ф., 1990. – 136 б.