Мазмунга өтүү

Суткалык кыймыл

Википедия — ачык энциклопедия

Суткалык кыймыл – күн системасындагы планеталардын өз огунун айланасында байланышкан астрономиялык кубулуш.

Алсак, Жердин бетиндеги байкоочу үчүн жылдыздар ж. б. жарык чыгаруучулар бир суткада чыгыштан батыш тарапты көздөй кыймылга келип 24 саатта бир айланыш жасайт.

Ошол эле сыяктуу башка планеталардын асман сферасындагы Суткалык кыймыл түрдүүчө убакытка ээ болот. Меркурий планетасынын Суткалык кыймыл 4224 саатты (176 жер суткасына), Чолпондуку 2808 саатты (117 жер суткасын), Марстыкы 24 саат 39 минутаны жана Юпитердики 9 саат 50 минутаны түзөт. Бул кубулуш жүрүп бара жаткан автомашинанын үстүндөгү адамга жол же жолдун жээгиндеги бак-дарактар жылып бараткан сыяктуу кубулуш.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]