Сутра

Википедия дан

Сутра (санскритчеден Sutra – сөзмө сөз-жип) – байыркы индиялык философиялык, диндик, илимий жана юридикалык (кийин медициналык ж. б.) трактаттар (лат.илимий чыгармалар, окуулар, талкулоолор, макулдашуулар). Байыркы индиялык адабияттарда кыска, жыйнактуу, түшүнүктүү жана үзүндүлөп улап айтуулар; кийин-мындай айтуулардын жыйнагы, топтому. Бутпаратык сутралар мүнөздүүлүгү жана афоризмдүүлүгү менен айырмаланат. Аларда көбүнчө диндик философиянын санат сөздөрү жана адабияттары кездешет. Брахманизмде веддерге негизделген сутраларда кандайдыр кудай үйрөтүп киргизген турмушта практикалык жетекчиликке алуучу табынуу-сыйынуулар жана жүрүм-турумдар орун алган. Буддизмде да сутралар ыйык канондук жыйнактардын, мисалы, сутта-питака деп аталган жыйнактын бир бөлүгү болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8