Суук укурук салуу

Википедия дан

Суук укурук салуу — жылкы тийип кетүү; баатырлардын мыкты аттарын зордук менен тартып алуу. "Көбөш Каныкейди талап алганы" аттуу окуядагы "Сураса бербес тулпарың, Канчыгым, суук укурук салдымбы" (Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 20) деген саптар ушул мааниде, кээде жалпы эле зордук көрсөтүү, тартып кетүү маанисинде да айтыла берет:

Сураса бербес Көгала

Суук укурук салгамын,

Жалынса бербес Көгала

Жайдак коштоп алгамын (Саякбай Каралаев, 2. 121).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4