Суунун тартылуусу

Википедия дан

Суунун тартылуусу, межень - агын суунун (дарыя суусунун) жыл ичинде суусу эң азайган мезгили.

Мындай деңгээл адатта 10 күндөн бир нече айга созулушу мүмкүн. Суу тартылуу мезгилиндеги дарыялардын негизги булагы болуп жер астындагы суулар гана калат. Мелүүн жана жогорку кеңдиктерде кышкы жана жайкы тартылуу болуп бөлүнөт. Кышкы тартылууга муз пайда болуу кубулуштарына байланыштуу межень, жайкы тартылууга - алабында суу запасы түгөнгөн мезгил кирет. Кыргызстандын дарыяларынын суусунун эң тартылган маалы кыш мезгилине туура келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2