Мазмунга өтүү

Суусамыр айылдык керек-жарак коому

Википедия — ачык энциклопедия

Суусамыр айылдык керек-жарак коому - Кыргыз керек-жарак союзунун курамына түздөн-түз баш ийген айылдык кооперациялык соода уюму болгон.

  • Бул коом негизинен Суусамыр өрөөнүндө жашаган калкты тейлеп, жайлоого келген малчыларды тиричиликке күндө Kepen товарлар менен камсыз кылып турган.
  • Ошондой эле ар бир айылда соода түйүндөрү болгон.
  • Малчыларды жеринде тейлөө үчүн автодүкөндөр уюштурулган.
  • Бардыгы 15 стационардык соода түйүнү, 4 автодүкөн, бир коомдук тамактануучу жай, нан бышыруучу кичи заводу жана товарларды сактоочу 2 кампасы болгон.
  • Алгач 1957-ж. коомдун кеңсеси Тунук кыштагында уюштурулуп, 1959-60-жылдары Суусамыр кыштагына көчүрүлүп келген.
  • Суусамырлыктардын 80% инен ашыгы ушул коомго мүчө болгон.
  • Коомдун 1-башкармасы болуп Б. Жуматаев (улуту казак) шайланган.
  • Кийин Каратал Рыспаев (1958-59), Медетбек Бейшеналиев (1959-61), Артыкбай Асанов (1961-64), Токон Абдраимов (1964-68), Токтотемир Назарбаев (1969-70), Исакмат Рахматов (1970-73), Николай Иванович Пеньков (1973-91), Өмүрбек Бектуров (1991-97), Керимбай Жумалиев (1997-99) иштеген.
  • Реформа болгон учурда Аскербек Кылжыев иштеп, соода жайлары жеке менчикке сатылып, коом тарап кеткен.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9