Суусамыр башкы кой чарба бирикмеси
Көрүнүш
Суусамыр башкы кой чарба бирикмеси (ГОО) 1977-ж. Суусамыр МЖСинин базасында кайрадан уюштурулган.
- Негизинен Суусамыр өрөөнүндө кой чарбасын өнүктүрүп, жыл бою ошол жерде калтыруу менен Чүй өрөөнүнүн чарбаларынын Суусамырда кыштаган койлорун толугу менен ГООго өткөрүп берүү болгон.
- Койдун жалпы саны 75,0 миңге жеткен.
- Мурунку МЖСтин айдоо аянты да ГООго карап калган.
- Суусамырдагы малчылардын саламаттыгы жана жайлоого келген малды зооветеринария жактан тейлөө милдети да жүктөлгөн.
- Малды кыштоодо кармоо үчүн бир нече мал сарайлар жана чабандарга жылуу үйлөр курулган.
- Суусамыр башкы кой чарба бирикмесинин директору болуп С. Солтобаев иштеген.
- 1982-ж. совхоз кайра уюшулганына байланыштуу жоюлган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9