Мазмунга өтүү

Суусамыр машина трактор станциясы

Википедия — ачык энциклопедия

Суусамыр машина трактор станциясы (МТС) 1951-ж. Чүй облусундагы Калинин районунун демилгеси менен уюшулган.

  • Кеңсеси Суусамыр кыштагында жайгашкан.
  • Бул станция тез арада эле Чуй өрөөнүндөгү 42 колхоз-совхоздун малын тоют менен камсыз кылууга жетишкен.
  • Дан эгиндери айдалып, анын саманы топтолуп, тоютка чөп даярдалып, алар сугат системалары менен камсыз болуп турушкан.
  • МТСте 40тан ашык трактор, 24 комбайн, 15 автомашина, 50 чөп чапкыч, 16 эгин сепкичтер ж. б. көп сандаган айыл чарба шаймандары болгон.
  • Атайын устаканалар уюштурулуп, бардык зарыл техникалар менен жабдылган.
  • Техникаларды иштетүү үчүн 150гө жакын ар түрдүү кесиптеги адистер келген.
  • МТС 10 жыл ичинде коюлган милдетти толугу менен аткарган.
  • 1960-ж. дан эгиндеринин аянты 20 миң гата жеткен.
  • Суусамырда өндүрүлгөн эгиндин көпчүлүгүн Чүйгө алып кетип турушкан.
  • Суусамыр МЖСинин 1-директору болуп Георгий Георгиевич Богословский (билими атайын орто) иштеген.
  • Суусамыр МТСи 1960-жылдан МЖСи (Машина-мал чарба станциясы) болуп түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9