Мазмунга өтүү

Суусамыр участкалык ооруканасы

Википедия — ачык энциклопедия

Суусамыр участкалык ооруканасы - Суусамыр кыштагында жайгашкан. Оорукана алгач 1955-жылы жыгач үйдүн базасында уюштурулуп, 5 койкалуу болгон.

Калкты бир врач, 2 орто билимдүү медициналык кызматкер тейлеген. Автоунаа болбогон. Чакыруулар ат менен тейленген. Элдин санынын өсүшүнө байланыштуу оорукана кеңейе баштаган.

Койканын саны 1965-жылы 25 орундуу болуп, 1970-ж. 35, 1975-85-жылдары 50гө, 1991-92-жылдары -75ке чейин жеткен. Ар бир кыштакта фельдшер-акушердик пункттар ачылган. Алар медициналык кызматкерлер жана жабдуулар менен камсыз болгон. 1985-ж. Кожомкул айылындагы фельдшер-акушердик пунктун базасында үйбүлөлүк дарыгерлер тобу уюштурулуп, анын курамында 2 врач, 10 орто, 2 кенже медициналык кызматкер болгон.

Аларга бир тез жардам автомашинасы бөлүнүп берилген. 1995-жылдан койка орунунун саны жана медициналык кызматкерлер кыскара баштаган. Учурда койканын саны 18 орундуу, 54 медициналык кызматкер, төрт фельдшер-акушердик пункт иштейт. Оорукана 2000-жылдан жаңыча каржылануу механизмине өткөн. Анда жалпы жана төрөт бөлүмү, операциялык блок (жабдыгы менен) бар. Күнүнө 60 адамды тейлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ. Эки үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт.

Анын курамында 8 дарыгер (а.и. экөө жогорку категорияда) бар. Суусамыр өрөөнүнүн климатынын татаал шартына карабай оорукананын чакан жамааты ден-соолук сакчылыгында талыкпай эмгектенип келишүүдө. Алар 6 кыштакты (Суусамыр, Кожомкул, 1-Май, Тунук, МТФ, Кызыл-Ой, Ой-Кайың кыштоосун) тейлешет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9