Мазмунга өтүү

Суусамыр - эчкили-тоо жаракасы

Википедия — ачык энциклопедия

Суусамыр - эчкили-тоо жаракасы - Кыргызстандын аймагындагы тектоникалык түзүлүш.

  • Эчкили-Тоо жана Суусамыр кырка тоосунун этектери аркылуу созулуп, Суусамыр тоосунан кыйгач өтүп, Көкөмерен суусу Нарын дарыясына куйган жеринде Тескей-Кара-Тоо тектоникалык жаракасы менен кошулат.
  • Узундугу 140 км, туурасы 7 км, тереңдиги 2500 м.
  • Жараканын түндүк-чыгыш бөлүгүндө КыргызТескей эвгеосинклиналь, түштүкбатышында Талас - Кара-Тоо миогеосинклиналь зоналары өнүккөн.
  • Кембрий мезгилинде Кыргыз-Тескей зонасында деңиз каптап, жанартоо чөкмө жана карбонаттуу чөкмө тоо тектер жаралган.
  • Түштүгүндө 2 цикл өкүм сүрүп, натыйжада фосфорит кенинин пайда болушуна шарт түзүлгөн.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9