Суусуздануу
Көрүнүш
Суусуздануу дегидратация — организмдеги суунун физиологиялык нормадан төмөндөшү жана жоголушу. Жаныбарлар денесиндеги суунун өлчөмү 10% азайса, ооруга чалдыгат, 25% азайса, өлөт. С. организм суу менен кошо керектүү туздарды жоготот. Киши аябай суусап, тамак сиңирүүчү бездер иштеши начарлайт, кан коюуланат, кан айлануу жана бөйрөк, жүрөк, боор жана башка органдар иштеши бузулат. Организм көп С. психикалык өзгөрүүлөргө, кээде өлүмгө учуратат. Чоң кишиге караганда жаш балдарда С. тез болот. Дарылоодо С. себебин табуу зарыл. Ал эми өнөр жайында С. көп керектүү таза заттар алууда (дегидротациялоо) колдонулат. Мисалы, этил спиртинен этиленди алуу, кээ бир туздар курамынан сууну бөлүп чыгаруу (Nа2СО3•10Н2О, Nа2В4О7•10Н2О ж.б.).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6