Суутек пероксиди
Көрүнүш
Суутек пероксиди, (перокиси) Н202—суутек менен кычкылтек бирикмеси; темир даамданган түссүз, илээшкек суюктук. Эрүү t 0,43°С, кайноо t 150,2°С, тыгызд. 1,47 г/см3. Суу менен жакшы аралашат, тузду эритет. Таза С. п. туруктуу, бирок катализатор катышуусу менен сууга жана кычкылтекке ажырайт. Ал реакция шартына жараша окистендиргич да, калыбына келтиргич да касиетине ээ. Лаб-яда металл пероксидине — ВаО 2 ; Nа 2О2 суюлтулган к-талар таасир этуүдөн (төмөнкү темп-рада), өнөр жайында Н2SО4 электролиздөөдөн алынган Н2S2О8 гидролиздөө менен алынат. Анын 30% эритмеси пергидроль деп аталат. химимялык өндүрүштө окистендиргич пероксиддер алууда сырьё, жибекти, жүндү агартууда жана мед-да колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6