Суу деңгээли

Википедия дан

Суу деңгээли - дарыя, көл сууларынын бетинин кандайдыр бир шарттуу горизонталдык бетке (бул салыштырмалуу суу деңгээли) карата алынган салыштырмалуу бийиктик.

Агын суулардын деңгээли негизинен суунун чыгымына, нуктун деформациясына, бөгөттөрдүн пайда болушуна, туюк суу мейкиндиктердин (көлдүн, суу сактагычтын) деңгээли - суу балансынын элементтеринин ортосундагы катышка, шамалдын таасирине, сейши кубулуштарына ж. б. байланыштуу өзгөрөт. Жыл ичинде деңгээлдик өзгөрүүлөр климатка жараша болуп, көлдөрдө бир нече смден 2-3 мге чейин, чоң дайраларда 5-12 м болот.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2