Суу менен дарылоо (гидротерапия)

Википедия дан

Суу менен дарылоо (гидротерапия) — ар кандай температурадагы сууну дарылоо жана алдын алуу максатында колдонуу. Организмге суунун температуралык, механикалык жана химиялык факторлору таасир этет. Суу теридеги рецепторлорго жана кан тамырларга таасир тийгизет. Суу менен теринин температурасынын айырмасы канчалык көп болсо, суунун таасири ошончолук күчтүү. Муздак же мелүүн процедуралар кан тамырларды тарытып, натыйжада организм жылуулукту аз бөлүп, ал денеде сакталат. Аны менен бирге жүрөк тез кагат жана кан басымы бир аз жогорулайт. Муздак дүүлүктүргүч тери аркылуу таасир этип, нерв системасын козголтот. Эгер муздак суунун таасири токтолбосо тарыган кан тамырлар кеңеет, кан тамырлардын булчуңдарынын тонусу жогорулап, кан жүрүү күчөйт, ал организмдин жылуулукту жоготушуна алып келип, зат алмашуу жана жылуулукту пайда кылуу күчөйт. Зат алмашуунун күчөшү жүрөк-кан тамыр жана дём алуу системасынын иштешин күчөтөт. Кан тамырлардын кеңейишинен кан басымы бир аз төмөндөп, пульс сейректейт. Муздак суунун таасирин дагы эле токтотпосо кан тамырлардын тонусу начарлап, кан жүгүрүү акырындайт; тери кызарыңкы-көгүш тартып, муздайт, кишинин алы кетет. Бул терс көрүнүштөр процедуранын туура эмес жасалганын билдирет. Жылуу жалпы процедуралар (суунун температурасы 38°ка жакын) денени акырындык менен жылытып, сеп алдырат, оорулуунун уйкусун оңойт. Ысык суунун таасиринен алгач бир азга теринин кан тамырлары тарып, жүрөк тез кагат, кан басымы жогорулайт, көп тердейт. Ысык процедурадан кийин тери кан тамырлары тез кеңейип, дене жылуу сууда жаткандыктан жылуулук бөлүнбөйт. Бул процедураны кан айлануу бузулганда, гипертония ооруларында, ошондой эле ашынган атеросклероздо колдонууга болбойт. Суу процедураларынын механикалык таасири суунун массасынын жана кыймылынын таасирине байланыштуу. Мында териде жана ички органдарда кан айлануу өзгөрөт; тери веналары басылат, жүрөккө кан келүү күчөйт. С. м. д. ооруну алдын алуу, организмди чыңдоо кээ бир ооруларды дарылоо үчүн кеңири колдонулат. Муздак процедуралар нерв жана жүрөк-кан тамыр системаларынын тонусун көтөрүүдө, өтө семирүүдө зат алмашууну күчөтүү, ошондой эле организмдин тышкы таасирлерге туруктуулугун жогорулатуу үчүн; жылуу процедуралар өнөкөт сезгенүү ооруларды, таяныч-кыймыл аппараттын жабыркоосун, четки нерв системасынын ооруларын (куяң, невралгия, плексит жана башкалар) дарылоодо пайдаланылат. Мелүүн температурадагы суу нерв жана жүрөк-кан тамыр системасынын өтө козголуусунда, тери кычышканда абдан пайдалуу. Ысык суу менен дарылоо зат алмашуунун кээ бир бузулууларында, ошондой эле бөйрөктүн кээ бир ооруларында жүргүзүлөт. С. м. д. катуу кармаган сезгенүү процесстеринде, күчөгөн атеросклероз жана гипертония оорусунда, инсультта, зыяндуу шишиктерде, кан агууда жана башкалар пайдаланылбайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.;
  • Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8