Суу процедуралары

Википедия дан

Суу Процедураларысуу менен дарылоодо же организмди чыңдоодо сууну пайдалануу ыкмалары. Аларга ванналар, душ, сууга түшүү, сүртүнүү, куюнуу, нымдуу оронуу кирет. Сүртүнүү организмдин түрдүү ооруларга туруктуулугун жогорулатуу, ошондой эле айрым ооруларды (неврастенияны жана башкалар) комплекстүү дарылоо максатында колдонулат. Ал оңой жана жөнөкөй процедура; организмдин тонусун жогорулатат, сергитет, кан айланууну жакшыртат, зат алмашууну күчөтөт. Сүртүнүүдө катуу сүлгүнү 32—30° сууга малып, аны сыгып туруп, денени же анын бөлүктөрүн (кол, бут жана башкалар) күч менен сүрөт, мурда бир колду сүрүп, анан аны кургак сүлгү менен жылуулук сезилгенче сүртөт, андан кийин ушундай эле жол менен башка кол, көкүрөк, ич, бут сүртүлөт. Процедура 2 — 3 мин. созулат. Бул ыкманы күнүгө эртең менен гигиеналык гимнастикадан кийин жүргүзүү оң. Сүртүнүүдө бөлмө температурасы 18—20°тан төмөн болбоого тийиш. Суунун температурасы акырындык менен 20—18°ка чейин төмөндөтүлөт. Бул ыкма врачтын сунушу боюнча көп убакыт төшөктө жатып калган оорулууларга, сергитүү жана терини тазалоо максатында жасалат. Куюнуу организмди чыңдоо максатында жана суу менен дарылоону баштаганда эле сунуш кылынат. Жалпы куюнууда оорулуунун денесине 37 — 38° сууну 2—3 жолу чака, куйгуч, шланг менен башынан ылдый карай куят. Бул ыкманы 4—6 жума күн сайын жүргүзүп, акырындык менен суунун температурасын 34—33°тан 22—20°ка чейин төмөндөтүү керек. Жалпы куюнуудан кийин денени бүт бойдон кургак, жылытылган шейшеп менен тери кызарып, жылуулук сезилгенче сүртүү зарыл. Дененин бөлүктөрүнө — кол, бут тердегенде, веналардын варикоздук кеңейишинде да куюнуу жүргүзсө болот. Нымдуу оронууда оорулууну чечинтип, 30—25° сууга чыланган жана сыгылган шейшепке ороп, үстүнөн төшөк менен жаап коюу керек. Анын узактыгына жараша таасири бар. Кыска мөөнөткө (10—15 мин.) ороо нерв жана жүрөк-кан тамыр системасын козгоп, зат алмашууну жакшыртат; узагыраак (30— 40 мин.) берилген процедура сеп алдырат, андан узак (50—60 мин.) созулса тердетет. Нымдуу оронууну врач гана сунуш кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.;
  • Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8