Мазмунга өтүү

Суюктуктун бетиндеги толкундар

Википедия — ачык энциклопедия

Суюктуктун бетиндеги толкундар – суюктуктун эркин бетинде же аралашпаган эки суюктуктун чектик бетинде пайда болуучу жана таралуучу толкундар.

Алар тышкы күчтөн пайда болуп, натыйжада суюктуктун бети теңсалмактуулук абалдан чыгат. Мындан оордук күчү жана беттик тартылуу күчү пайда болот. Ошол күчтөрдүн жаратылышына байланыштуу Суюктуктун бетиндеги толкундар капиллярдуу (беттик тартылуу күчтөрү болсо) жана гравитациялык толкундарга айырмаланат. Эгерде эки күч тең аракет этсе, анда гравитациялуу-капиллярдуу толкундар түзүлөт. Кичине толкун узундуктарда беттик тартылуу күчтөрү көбүрөөк таасир этет. Суюктуктун бетиндеги толкундардын таралуу ылдамдыгы толкун узундуктарына көзкаранды. Гравитациялык толкундар Күн менен Айдын тартуу күчтөрүнүн таасиринде болот. Жаратылышта шамал толкундары кеңири таралган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]