Суюлткучтар
Көрүнүш
Суюлткучтар, эриткичтер – живопись техникасында жана технологиясында – иш үстүндө сүрөтчү боёк катмарына керектүү касиеттерди бериш үчүн боёкко аралаштыруучу суюк заттар жана кошундулар. Бул максаттарда акварелдик живописте суу, темпералык живописте суу кошулган эмульсия, майлуу живописте май, лак, скипидар, керосин жана башка колдонулат. С-га карата майлуу живопись боёк кыртышынын үстүндө бозомтук же жылтырак, тунук же коюу болот, тез кургайт же жай кургайт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004