Сценикалык кеп

Википедия дан

Сценикалык кеп - көркөм адабияттын тилинин сценада, экранда, радио-телеберүүлөрдө актерлор тарабынан үн аркылуу жүзөгө ашырылышы.

Сценикалык кеп бир канча компоненттен турат: кептик фон, каармандардын кептик мүнөздөмөсүнүн каражаттары (кептик мүнөздөөчү каражаттар), каармандардын кебин эмоционалдуу, экспрессивдүү мүнөздө берүүнүн каражаттары ж.б.

Сценикалык кеп нормалаштырылган адабий сүйлөөгө негизделет, аткарылып жаткан чыгарманын көпчүлүк каармандарынын сүйлөшүүсү, б.а., кептик фон адабий нормага ылайык болот. Чыгарманын сюжеттик-композициялык, көркөмдүк бөтөнчөлүктөрүнө байланыштуу адабий нормага ылайык келбеген элементтер да кездешүүсү ыктымал. Бир түрдүү кептик фондо нормадан четтөөлөр айкын байкалып, каармандын мүнөзүн ачууда көркөмдүк күчкө ээ болот.

Каармандын кебин экспрессивдүү, эмоционалдуу туюндуруунун каражаттары болуп интонация, эмфатикалык басым, тыбыштарды, сөздөрдү так-даана айтуу эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4