Сыдыгаалы уулу Жунуш
Сыдыгаалы уулу Жунуш (1884-1978) — жыгаччы. Кочкордун Орток тоосунун этегиндеги кыштоодо төрөлгөн.
Өспүрүм кезинен жыгаччылыктын кырмачылыгын, салттуу буюмдарды (такта, алабакан, сандык) кармаган. Кийин колхоз устаканасын уюштуруп, анда узанган. Кийин көпчүлүктүн өтүнүчү боюнча ээр чабууга өткөн. Анын чанкан ээри «Жунуштун ээри» деген атта өрөөн ичине кеңири тараган. Жумуш ээр жердигин кайыңдан тандаган. Аны кыйып келээри менен каны-сөлү кача электе ээрдин бөлүктөрүнө бөлүн чаап, көлөкө жайда кургаткан. Белгилүү өлчөмүндө ээр, алдыңкы-арткы актасын, чарасык бири бири менен кынаягтырган. Талпакты, тайдын туягын, арык торноктун этин аралаштыра кайнатып, коп желим жасап, аны менен ээр бөлүктөрүнө тарамдалган жылкынын жибек тарамышы аркылуу желимди ичирген. Ээр өтө бекем болгон. Демек, Жунуштун ээри курама ээр болуп эсептелет. Ээрди өтө жука, жеңил кылып чалкандыктан, ал сыйда болуп, токунууга ойдогудай шартташат. Айылдаштарынын айтымында, Кочкор ичинде Жунуштан өткөн ээрчи болбоптур. Ал өз өмүрүндө үч жүздөй ээр чаан, аны бодо териси менен картая, желдикти кошо жасаган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0