Сыдыкова Рахима
Сыдыкова Рахима - адабиятчы-илимпоз, котормочу. Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында 1946-жылы 1-майда туулган. 1964-жылы Сары-Камыш орто мектебин аяктап, 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
Эмгек жолун «Кыргызстан маданияты» гезитинде корректор болуп иштөөдөн баштаган. Кийин Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясында аспирантурада окуп, Кыргыз мамлекеттик телерадио комитетинде редактор, 1978-жылы Кыргыз Илимдер академиясында кенже илимий кызматкер, илимий кызматкер, улук илимий кызматкер болуп иштеп, 1989-жылы «Кыргыз поэмаларындагы чеберчилик маселелери» темасында кандидаттык диссертациясын коргогон. 2000-жылы Адабият таануучу-доцент наамына ээ болгон.
1991-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетине окутуучу, улук окутуучу филология, журналистика факультеттеринде доценттик кызматта иштеп, Улуттук университетинин докторанты болуу менен бирге 2003-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик боюнча Агенттигиндеги (Кыргызпатент) «Илим. Инновация жана турмуш» деп аталган илимий-популярдуу журналдын редактору, редакциялык басма бөлүмүнүн начальниги, бөлүмдүн башчысынын орун басары, Автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгынын начальниги, 2007-жылдан И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунда доцент, 2008-жылдан Кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы болуп иштеп келе жатат.
1997-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» деген наам алган. 1978-жылы Кыргыз телерадиокомпаниясынын Ардак грамотасы, 2000-жылы Кыргыз улуттук университетинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Ал орус, украина, молдова, казак, авар, бурят жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которуп, котормолору кыргыз радиосунда уктурулган жана гезиттерге жарыялаган. Радиоинсценировкалардын, радиомаектердин, 40тан ашык илимий жана журналистикалык макалалардын автору.
2006-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Жарык көргөн китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз тилинде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз журналистикасынын өнүгүш тарыхы. – Б.: Манас таануу, 2002. (авторлош)
Кыргыз поэмаларындагы көркөм чеберчилик маселелери: Монография. – Б.: Илим, 1995. - 90 б.
Кыргыз поэмаларындагы көркөм чеберчилик маселелери: Окуу куралы. – Б.: КУУ, 1998. - 155 б.
Адабий летопись. К-те: Кыргыз Совет адабиятынын тарыхы. - Ф.: Илим, 1987. - 40 б.
Абылкасымова Майрамкан. Адабий портрет. 7 том. К-те: Кыргыз адабиятынын тарыхы. - Б.: Бийиктик, 2002. - 561-580 б.
Маленов Б., Төлөев Ж. Адабий портреттер. 2 том. К-те: Кыргыз адабият таануу илимий жана сыны. - Б.: Илим, 2002. - 50 б.
Жүрөктөн чыккан жүз ыр: Ырлар жана поэма жыйнак. – Б.: Инсанат, 2006. – 138 б.
Котормолору
Быков В. Турна чакырык. Повесть. - Ф.: Кыргызстан, 1983. – 56 б.
Арбуду. А. Халима: Повесть. – Ф.: Ала-тоо журналы, 1978, №3. – 56 б.
Алиева Ф. Кутман күн: Романдан үзүндү. – Ф.: Кыргызстан маданияты гезити, 1979–1980.-ноябрь-декабрь.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- *Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6