Сыдыкова Фатима Намазбековна
Көрүнүш
Сыдыкова Фатима Намазбековна (1. 5. 1954-ж. туулган, Караван (Кербен) району, Афлатун (Авлетим) кыштагы) - эл агартуунун отличниги.
Пржевальск шаарындагы педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн (1976). Ал 1976-жылдан Суусамыр орто мектебинде орус тил жана адабият мугалими болуп иштеген. 1999-ж. Жайыл районунун, 2000-ж. Чүй облусунун эл агартуу бөлүмдөрүнүн, 2005-ж. Элге билим берүү министрлигинин грамоталары менен сыйланган. 2007-ж. «Эл агартуунун отличниги» төш белгисин алган. Учурда ардактуу эс алууда. Жаныш уруусунан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9