Сыдыков, Акбаралы

Википедия дан
Фото Акбарали Сыдыков

Сыдыков, Акбарали (1932, Кара-Суу району, Кыргыз-Чек айылы —1983, ошол жерде) — "Манас" изилдөөчү, филология илиминин кандидаты (1972). Ош педагогика институтунун филология факультетинин кыргыз тил жана адабият бөлүмүн артыкчылык диплом менен бүтүргөн (1955). 1955—68-ж. Кара-Суу районундагы мектептерде мугалим болуп эмгек жолун баштаган. 1969—72-ж. Москвадагы М. Горький атындагы дүйнөлүк адабият институттун аспирантурасында окуп, ""Манас" эпосундагы эрдиктин идеалдары" деген темада кандидаттык диссертация коргогон. 1972—83-ж. Ош педагогика институтунда улук окутуучу, доцент болуп иштеген. "Манас" эпосун изилдөө, үйрөнүү боюнча макалаларды, ""Манас" эпосундагы баатырдык мотивдер" (1982) аттуу монографиясын жарыялаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4