Мазмунга өтүү

Сыдыков Бактыбек Үсөнович

Википедия — ачык энциклопедия
Сыдыков Бактыбек Үсөнович
Сыдыков Бактыбек Үсөнович
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI жана VII чакырылышынын депутаты
«Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери
Жогорку Кеңештин «Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш» боюнча комитетинин мүчөсү
 
Жарандыгы: Кыргыз
Дини: Ислам
Туулган жылы: 18-июль 1970-жыл
Туулган жери: Исфана ш. (азыркы Раззаков шаары), Лейлек району
Партиясы: «Ата-Журт Кыргызстан»

(Бир мандаттуу округ)

Билими: Н.Э. Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университети,

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы

Кесиби: инженер-механик, менеджер
Ишмердүүлүгү: 1994 - а.ч.

Сыдыков Бактыбек Үсөнович (18-июль 1970-жыл, Исфана кыштагы (азыркы Раззаков шаары), Лейлек району)[1] — кыргызстандык саясатчы жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI («Республика-Ата Журт») жана VII (№16 Ноокен шайлоо округу) чакырылышынын депутаты. «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери. Жогорку Кеңештин «Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш» боюнча комитетинин мүчөсү.

Бактыбек Сыдыков 1970-жылы 18-июлда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Исфана шаарында туулган. Улуту — кыргыз[2].

1993-жылы Н.Э. Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетин «инженер-механик» багыты боюнча аяктаган. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясында «мамлекеттик башкаруу менеджменти» багыты боюнча билим алган[1].

  • 1994-жылы «Трио-Б» кыргыз-казак биргелешкен ишканасында башкы директор болуп иштеген.
  • 2000–2001-жылдары «Кыргыз-Дан-Азык» акционердик коомунун мүлктүк комплексин жетектеген.
  • 2001–2005-жылдары «Кыргыз-Дан» компаниясында башкы директорлук кызматты аркалаган.
  • 2005-жылы Кыргыз Республикасынын финансы министринин кеңешчиси болгон.
  • 2005–2007-жылдары «Манас» Эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунда социалдык-экономикалык маселелер боюнча вице-президент болуп иштеген.
  • 2007–2008-жылдары КМШ Аэропорттор Ассоциациясынын төрагасы — Мамлекеттер аралык авиация комитетинде.
  • 2007–2010-жылдары «Манас» Эл аралык аэропорту» ААКнын президенти кызматын ээлеген.
  • 2011–2015-жылдары «АККА компаниялар тобу» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешине төрагалык кылган.
  • 2015–2020-жылдары «Республика-Ата Журт» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болгон.
  • 2015-жылы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү катары иш жүргүзгөн.
  • 2020–2021-жылдары «Манас» Эл аралык аэропорту» ААКда башкы директор — башкармалыктын төрагасы кызматын аркалаган.
  • 2021-жылы «АККА компаниялар тобу» ЖАКда башкармалыктын төрагасынын кеңешчиси болгон.
  • 2021-жылдын 29-декабрында №16 Ноокен шайлоо округунан Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутат болуп шайланган.
  • 2022-жылы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы болуп дайындалган.
  • «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясын жетектейт[1].

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

  • Жарандык авиацияны өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы;
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Ардак грамотасы[1];
  • ЖККУдагы парламенттик кызматташтыкты бекемдегени үчүн[3].
  1. 1 2 3 4 Депутат Сыдыков Бактыбек Усенович. kenesh.kg. Текшерилген күнү 11 -май (бугу) 2025.
  2. Сыдыков Бактыбек Усенович (орусча). who.ca-news.org. Текшерилген күнү 11 -май (бугу) 2025.
  3. За активность — награды (орусча). slovo.kg. Текшерилген күнү 11 -май (бугу) 2025. Түп булактан архивделген күнү 5 -июнь (кулжа) 2025.