Сызыктуу эмес спектроскопия
Сызыктуу эмес спектроскопия – заттардын түзүлүшүн изил-дөөдө сызыктуу эмес оптикалык кубулуштар колдонулуучу методдордун жыйнагы.
Сызыктуу эмес спектроскопияда гармониканын жаралышы жана жыштыктарды кошуу, сызыксыз жутулуу, көп фотондуу процесстер, өзү индукцияланган тунуктук, фотондук жаңырык ж. б. пайдаланылат. Сызыктуу эмес спектроскопия методдору кубулуштарды байкоого жана нурлануу параметрлеринин (жыштык, поляризация, интенсивдүүлүк) көзкарандылыгын изил-дөөгө негизделген. Сызыктуу эмес спектроскопия принциптүү жаңы маалымат менен бирге кээ бир нерселерди так аныктайт. Сызыктуу эмес спектроскопия энергиялык деңгээлдердин жайланышы, кванттык өтүштүн кеңдиги жана алардын ыктымалдуулугу, релаксация убактысы ж. б. жөнүндө маалымат берет. Сызыктуу эмес спектроскопия боюнча алгачкы эмгектер 1964–1966-ж.ж. пайда болгон. Бирок лазер жана жарык генераторлорунун пайда болушу менен абдан өнүктү. Сызыктуу эмес спектроскопиянын негизги багыты – атом менен молекулалардын өтө мыкты спектроскопиясы. Төмөнкү басым атом Доплер эффектисинин таасиринде жарыкты өз жыштыгында чыгарбайт. Чаржайыт кыймылдаган бөлүкчөлөрдүн чыгаруу жана жутуу сызыктары кең тилкени пайда кылат. Айрым бөлүкчөнүн сызыгынын кеңдиги жөнүндөгү чыныгы маалымат бул бир тектүү эмес тилке менен далдаланат. Андан тышкары кээ бир атомдордун сызыктары өтө жакын жайланышкан. Эгерде компоненттердин аралыгы Δω доплердик n кеңдигинен кичине болсо, анда жөнөкөй сызыктуу спектрде чыгаруу сызыгынын структурасы чечилбейт. Ошентип, атомдун квант деңгээлинин структурасы жөнүндөгү маалымат жоголот. Доплердик кеңейүүнү жок кылуу үчүн сызыктуу эмес оптикалык курулуштарга негизделген бир катар методдор иштелип чыккан.
Эки фотондуу спектроскопия методунда газды ω жыштыгы бирдей, бири бирине карама-каршы багыттагы эки лазер нуру менен жарыктандырат.
Мында нурлар ε1 деңгээлинен ε2 деңгээлине бөлүкчөлөрдүн эки фотондуу өтүшүн индукциялайт. Кыймылсыз атомдун өтүү жыштыгы ω21=(ε2−ε1)/h⋅ϑ ылдамдыгы менен кыймылдоочу атом Доплер эффектисинин натыйжасында бир нурдун жыштыгын ω(1−ϑ/с), ал эми экинчисиникин ω(1+ϑ/с) катарында кабыл алат. Эгерде бир атом биринчи бир фотон жутса, ал эми экинчисин келе жатканынан жутса, анда кабыл алынуучу фотондордун жыштыктарынын суммасы 2ω атомдун ылдамдыгына көзкаранды болбойт. Ошентип, доплердик кеңейүүсүнөн эркин болгон эки фотондуу резонанстын сызыгын байкоого болот. Эки фотондуу дүүлүгүүнү каттоодо люминесценция кубулушу пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0