Сыйбелгилер (регалийлер)
Көрүнүш
Сыйбелгилер (регалийлер) (лат. regalis – падышалык) –1) феодалдык Европада кандайдыр бир кирешелерди (сот айыптарын, базар алымдарын ж. б.) алууга падышалык артыкчылыктар, б. а. казынанын кирешелик артыкчылыктары. Бул маанисинде «С.» аталгысы азыркыга чейин юридика илиминде кээде «чарбасыз С.», «бажы С-и.», «сот С-и.» деген сөз айкаштарында колдонулат. 2) монархтык бийликтин сырткы белгилери – таажы, падышанын асатаягы ж. б. Кээде артыкчылык белгилери да (ордендер, медалдар) С. деп аталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7