Сымап нитраттары
Көрүнүш
Сымап нитраттары, азот к-тасы туздары, — Нg2(NО3), (I); Нg(NО,)2 (II). Нg2(N03)2 сууда, көмүртек сульфидинде, аммиакта эрийт. Абада суусун жоготууга жөндөмдүү болгон дигидратты Нq2(NО3)2-2Н2О пайда кылат. Эритмеси күчтүү калыбына келтиргичтик касиетке ээ. Сымап азот к-тасы менен 45°С төмөнкү температурада аракеттенүүсүнөн алынат. Меркурометрдик көлөмдүк анализде, латунду карартууда, глазурь компоненттери катарында жана башка колдонулат. Нg(NО5)2 суу менен негиздик тузду пайда кылуучу кристаллдык зат. Кристаллгидрат пайда кылууга жөндөмдүү. Ысытылган азот к-тасы сымап менен аракеттенишинен алынат. Меркурометрдик көлөмдүк анализде; ароматтык углеводородду нитрлөөдө колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6