Сымап сульфиди
Көрүнүш
Сымап сульфиди, НgS — сымап менен күкүрт бирикмеси. Эки модификациясы бар: кызыл минерал — киноварь, кара минерал — метациннабарит. Метациннабарит акырындык менен киноварга өтөт. Балкып эрүү t 825°С. Щелочтуу ме-таллдар сульфиддеринин эритмесинде оңой эрип, М2 [НgS 2] пайда кылат. Киноварь сымап S же К2S5 менен аракет-тенишүүсүнөн алынат. Жаратылыш киновары сымапты өндүрүүдөгү негизги зат. Жасалма жарым өткөргүчтөрдү алуу-да, катализатор катарында жана башка колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6