Мазмунга өтүү

Сымап хлориддери

Википедия — ачык энциклопедия

Сымап хлориддери — сымап менен хлор бирикмелери: Нg2Сl2 (каломель) жана НgСl2(сулема):Нg2Сl2-түссүз күкүм; балкып эрүү t 525 °С, щелочь же аммиак таасиринен карарат, 383,7°С газга айланат. Суу, спирт, эфир, ацетондо начар эрийт. 400°С жарыкты узак таасир этүүдө НgС12 жана Нg ажырайт. НgСl2 Нg менен аралашмасын ысытуудан же Нg2(NО3)2 суютулган туз к-тасы менен арaкеттенишүүсүнөн алынат. НgСl2-сымап дихлориди, балкып эрүү t 280 °С, кайноо t 301,8 °С, сууда (7,4 г/л 20°С), спирт, эфир, бензол, пиридинде эрийт. Сымапты хлор менен, сымап сульфатын натрий хлориди менен ысытуудан алынат. Суудагы суюлтулган эритмеси аба жана жарыктын таасиринде Нg2Сl2 жана НСl ажырайт. Уулуу зат. С. х. тери иштетүүдө, кездемелер боёодо, органикалык  синтезде катализатор, антисептик катары жана башка колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]