Сырдыбаев Мадылбек

Википедия дан

Сырдыбаев Мадылбек (1928, Кызыл-Ой кыштагы -1983, Фрунзе ш.) - белгилүү адабият таануучу жана алгачкы агартуучулардан.

  • Партиялык кызматтарды да аркалаган.
  • Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн (1956).
  • 1945-ж. Советтик Армияга кызмат өтөөгө чакырылып, Украина, Польша, Чехословакия, Венгрияга чейин барган.
  • Ал 1947-51-жылдары Жумгал районунун эл агартуу бөлүмүндө инспектор, Тянь-Шань облусттук эл агартуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Кыргыз мамлекеттик басмасында редактор (1956-58), стилист, текстолог, котормочу болуп иштеген.
  • 1958-61-жылдарыКПСС БКнын алдындагы коомдук илимдер академиясында окуган.
  • Улуттук илимдер академиясынын партиялык комитетинде катчы, 1961-63-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин агитация жана пропаганда бөлүмүндө орун басар, 1964-68-жылдары Улуттук илимдер академиясында Укук жана философия институтунун окумуштуу катчысы, Кыргыз өкмөтүнүн Токтогул атындагы сыйлыктарды ыйгаруу комитетинин жооптуу катчысы болуп өмүрүнүн акырына чейин иштеген.
  • Ал белгилүү адабият таануучу.
  • Л. И. Лагиндин балдар үчүн жазылган «Хоттабыч абышка» жомогун, Н. Думбадзенин «Кам санаба энеке», В. Быковдун «Турна чакырык» деген китептерин кыргызчага которгон.
  • Ал ошондой эле кыргыз тилинен орус тилине А. Токомбаевдин «Кызыл мүштөк», Ч. Иманкуловдун юбилейлик жыйнагын жана илимпоздордун кандидаттык, докторлук диссертацияларын (1960-80) которгон.
  • Токтор уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9