Мазмунга өтүү

Сырткы сүрүлүү

Википедия — ачык энциклопедия

Сырткы сүрүлүү – бири бирине кысылган эки нерсе салыштырмалуу которулушунда жанышуу тегиздигиндеги пайда болгон механикалык каршылык.

Берилген нерсеге салыштырмалуу которулушуна тескери багытталган каршылык күчү F ошол нерсеге аракет этүүчү сүрүлүү күчү деп аталат. Сырткы сүрүлүү – жылуулук бөлүп чыгаруучу, нерсени электрлөөчү, аны талкалоочу ж. б. чачыроочу процесс. Кинематикалык белгиси боюнча сыйгаланма жана термелме сүрүлүүгө айырмаланат. Сырткы сүрүлүүнүн ар бир түрү туура келген коэффициент менен мүнөздөлөт. Нерселердин арасындагы аралык катмарлары боюнча кургак сүрүлүү жана чектик сүрүлүүгө айырмаланат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]