Мазмунга өтүү

Сьерра-Леоне

Википедия долбоорунан

Сьерра-Леоне Республикасы
англ. Republic of Sierra Leone, крио Republic na Salone

Герб
Туу Герб
Урааны: «Unity, Freedom, Justice (Биримдик, Эркиндик, Адилеттүүлүк)»
Гимн: «High We Exalt Thee, Realm of the Free»
Эгемендүүлүк күнү 27-апрель 1961-жыл

Улуу Британиядан)

Расмий тили англис тили
крио
Борбор шаары Фритаун
Ири шаарлар Фритаун, Бо, Кенема
Башкаруу формасы президенттик республика
Президент
Вице-президент
Башкы министр
Жулиус Маада Био
Мохамед Жульдех Жаллох
Дэвид Сенге
Мам. дини динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
117-орун - дүйнөдө
71 740 км²
0,2
Калкы
• Бааланган (2023)
Жыштыгы

8 908 040 адам (100-орун)
124 ад./км² (114-орун-дүйнөдө)
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы (2024)
  • Ар бир жанга

30,34 млрд $ (154-орун)
3 505 $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

7,41 млрд $ (155-орун)
856 $
АДӨИ  0,452 (төмөн) (182-орун)
Акча бирдиги Леоне
Домени .sl
ISO коду SL
ЭОК коду SLE
Телефон коду +232
Убакыт аралыгы UTC ±00:00

Сьерра-Леоне (англ. Sierra Leone, крио Salone)[1], расмий түрдө Сьерра-Леоне Республикасы (англ. Republic of Sierra Leone, крио Republic na Salone) — Батыш Африкадагы, Атлантика океанынын жээгинде жайгашкан мамлекет.

Гвинея жана Либерия мамлекеттери менен чектешет.

Аянты — 71 740 км². Борбору — Фритаун шаары.

Этимологиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул топоним XV кылымда пайда болгон. Жээктин атын. 1461-жылы португалиялык деңиз саякатчысы Перу ди Синтра бул жээкге «Серра-да-Лиоа» деген аталышты берген, кыргыз тилине которгондо «арстан кырка тоосу» деген маанини билдирет[2].

Бурмаланган «Сьерра-Леоне» (исп. Sierra Leone) деген аталышы менен бул аймак испан карталарында пайда болгон. Бул аймактарда арстандар байырлабагына байланыштуу, кээ бир лингвисттер бул топоним деңиз толкундарынын же тоолордогу шамалдын арстанга окшош үндөрүнөн келип чыгышы мүмкүн деп божомолдошот. 1961-жылы өлкө «Сьерра-Леоне» аталышы менен көз карандысыздыгын жарыялаган[3].

Сьерра-Леоненин картасы

Сьерра-Леоне Батыш Африкада, Атлантика океанынын жээгинде жайгашкан мамлекет. Түндүк жана чыгыш тарабынан Гвинея менен, түштүк-батышынан Либерия менен чектешет. Өлкөнүн аймагы 71 740 чарчы километрди түзөт.

Өлкөнүн борбору жана эң ири шаары — Фритаун, ал Атлантика океанынын жээгинде, өлкөнүн батыш тарабында жайгашкан. Фритаун — өлкөнүн экономикалык, саясий жана маданий борбору болуп саналат.

Сьерра-Леоненин рельефи ар түрдүү. Атлантика океанынын жээгине жакын аймактарда түздүктөр басымдуу. Өлкөнүн түндүк-чыгыш бөлүгүндө тоолуу аймактар жайгашкан, алардын эң бийик жери — Бинтимани тоосу, анын бийиктиги 1945 метрге жетет[4].

Сьерра-Леоненин климаттынын Көппен классификациясы боюнча картасы

Сьерра-Леонеде тропикалык муссондук климат орногон, жыл бою ысык жана нымдуу аба ырайы менен мүнөздүү. Өлкөнүн климатына Атлантика океанынын жакындыгы жана рельефтин түрдүүлүгү чоң таасир тийгизет. Жылдык орточо аба температурасы 25–28°C тегерегинде, жыл мезгилдери температуранын кескин өзгөрүшү менен айырмаланбайт. Бирок, нымдуулук деңгээли жыл бою жогору бойдон калат[5].

Климаттык мезгилдер экиге бөлүнөт: жаанчыл жана кургакчыл мезгил. Жаанчыл мезгил май айынан октябрга чейин созулуп, эң көп жаан июль жана август айларында түшөт. Бул мезгилде өлкөдө катуу жамгырлар, кээде шамал жана бороон-чапкындар байкалат. Орточо жылдык жаан-чачындын көлөмү 2000ден 3000 миллиметрге чейин өзгөрүп, жээк аймактарында көбүрөөк, ички райондордо азыраак жаайт. Кургакчыл мезгил ноябрдан апрелге чейин уланат жана негизинен Сахара чөлүнөн соккон Харматтан шамалынын таасиринде болот. Бул шамал кыш айларында чаңдуу жана кургак аба алып келип, күндүз температура 30°C ашышы мүмкүн, ал эми түнкүсүн бир аз төмөндөйт. Кыш мезгилинде нымдуулук төмөндөп, аба көбүнчө кургак жана чаңдуу болот[6][7].

Жээк тилкелеринде климат бир аз жумшагыраак, анткени океандан келген шамал абанын ысып кетишине жол бербейт. Ал эми өлкөнүн түндүк-чыгыш бөлүгүндө климат кургакчыл жана континенттик мүнөзгө ээ болуп, жаан-чачындын көлөмү азыраак болот. Тоолуу райондордо температура бир аз төмөн болуп, кечки жана түнкү убакыттарда салкын болушу мүмкүн[7].

Климаттык шарттар айыл чарбасына чоң таасирин тийгизет, айрыкча дыйканчылык жана мал чарбачылыгында жаанчыл мезгилдеги нымдуулук деңгээли маанилүү роль ойнойт. Туруксуз жаан-чачын айыл чарба өндүрүшүнө жана жашоо шарттарына таасирин тийгизип, айрым жылдары кургакчылык же катуу жаан-чачын сугат тутумдарына жана түшүмгө зыян алып келиши мүмкүн.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]