Сүйлөмдү актуалдуу мүчөлөштүрүү

Википедия дан

Сүйлөмдү актуалдуу мүчөлөштүрүү. Сүйлөм өзүнүн коммуникативдик максатына ылайык эки бөлүккө бөлүнөт: тема жана рема.

Тема - айтылып жаткан ойдун баштапкы бөлүгү. Айтылган ойдун баштапкы бөлүгү (тема) көпчүлүк учурда угуучуга белгилүү болот же болбосо жалпы ситуациядан, же контексттен белгилүү болуп турат. Рема - тема жөнүндө билдирилген кабар, жаңылык. Рема айтылып жаткан ойдун негизги коммуникативдик максатын түзөт. Сүйлөм тутумунда тема көбүнчө ремадан мурун орун алат: Сүйлөмдү тема жана ремага бөлүштүрүү актуалдуу мүчөлөштүрүү деп аталат, себеби сүйлөөчү же жазып жаткан адам үчүн мына ушул контекстте же ошол конкреттүү ситуацияда (жагдайда) сүйлөмдү ошондой мүчөлөштүрүү актуалдуу, маанилүү болуп эсептелинет. Актуалдуу мүчөлөштүрүүнү билдирүүчү негизги каражаттар - сөздөрдүн орун тартиби жана интонация (фразалык басым). Бул экөө дайыма бирге, өзара тыгыз байланышта кызмат кылат.

Кыргыз адабий тилинде Сүйлөмдү актуалдуу мүчөлөштүрүүдө, биринчиден, сөздөрдүн орун тартиби кызмат кылат. Адатта тема биринчи орунда, рема кийинки орунда айтылат. Эгерде сүйлөмдөгү сөздөрдүн орун тартиби өзгөрсө, аны актуалдуу мүчөлөштүрүү да өзгөрүлөт. Сүйлөмдү актуалдуу мүчөлөштүрүүнүн экинчи маанилүү каражаты - интонация (фразалык басым). Фразалык басым сүйлөмдүн башкы коммуникативдик бөлүгү болуп эсептелген ремага түшүрүлүп айтылат. Эгерде рема бир нече сөздүн тизмегинен турса, фразалык басым реманын акыркы компонентине түшөт:

Касым | Жалалабат областына кетти. Тема көтөрүңкү тон менен айтылат: Зуура | "Артекке" барган. Артекке барган | Зуура.

Мында биринчи сүйлөмдө Зуура көтөрүңкү тон менен айтылат, экинчисинде ... барган көтөрүңкү тон менен айтылат. Актуалдуу мүчөлөштүрүүнү билдирүүчү каражат болуп эсептелген сөздөрдүн орун тартиби жана интонация бири-бири менен өзара тыгыз байланыштуу. Ошондуктан алардын бирин экинчисинен ажыратып кароого болбойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4