Сүлүктү кварцтуу кум кени
Сүлүктү кварцтуу кум кени Баткен облусунун Лейлек районунда, Сүлүктү шаарынан 3 км түндүк-чыгышта, Туркстан кырка тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1200–1365 м бийиктикте. 1936-ж. табылып, 1941–47-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын мезозой менен кайнозойдун чөкмө тектери түзөт. Пайдалуу катмар бор мезгилинин аягында пайда болгон кварц кумунан турат. Анын 2 катмары бар. Алар бири биринен 3,2 м калындыктагы чопо катмары менен бөлүнүп турат. Үстүнкү катмардын куму майда бүртүкчөлүү, чополуу, калыңдыгы 12,5 м. Астынкы катмардыкы майда жана орточо бүртүкчөлүү, таза, калыңдыгы 15–20,5 м. Жалпы кумдун өңү агыш, бозомтук агыш түстө. Химиялык технологиялык касиети боюнча кум металлургия жана айнек өнөр жайында, ошондой эле жол курулушуна, бетонго жана курулуш ылайына пайдаланса болот. Запасы А+В категориясы боюнча 521 миң м3, С1– 42 миң м3. Ачык карьерден казып алынат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7