Сүрүп чыгаруу

Википедия дан

Сүрүп чыгаруупсихоанализдин негизги түшүнүктөрүнүн бири; «Мен» үчүн ылайыксыз импульстарды жана каалоо сезимдерин эс-акыл чөйрөсүнөн эс-акылдан тышкаркы аймакка Сүрүп чыгаруу активдүү унутуудан турган психиканын коргонуу механизми.

Сүрүп чыгаруу ага таандык умтулуу, каалоо энергиясын сактап калат; кайрадан эс акылга кайрылып келүүгө умтулуп, ал башка сүрүлүп чыккан нерсе менен ассоциацияланып, психологиялык комплекстерди түзүшү мүмкүн. Сүрүлүп чыккандын толук жоголуп кетүүсү кээ бир толук сублимация учурлардында болушу ыктымал.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]