Сүрөттөө (адабият)

Википедия дан

Сүрөттөө – кандайдыр бир окуяны, көрүнүштү, адамдын кебете-кешпирин, жаратылышты ж. б. нерселерди сырткы белгилери боюнча сүрөттөп айтып берүү. Мисалы, А. Токомбаев «Жараланган жүрөк» повестинде каармандарын адегенде төмөнкүдөй сүрөттөө менен тааныштырат да, ошол сүрөттөөдө үркүндөн кийинки оор турмуштун бир үзүмүн бет алдыга тартат:

1917-жыл. Жер томсоруп гана турат. Жайкалган эгин, буралган чөп жок. Ызылдап жүргөн шамалга чыдай албай кайыккан жандык сыяктуу титиреп турган сейрек куурайлар. Алардын арасында ичке куйруктарын көтөрүп, сереңдеп чуркаган сур чычкандар гана жүрөт. Катуу жел жүрсө, жөө тумандай калдайган боз топурак учат. Жол боюндагы зым карагайлар шамалдын күчүнөн күңгүрөнүшөт. Кээде үн чыгарып озондошот. Ушундай коркунучтуу талаада ким жүрсүн... Бирок турмушта эмнелер болбойт. Талааны ээлеген бопбоз мүрзөлөрдүн арасынан арбак сыяктуу караан көрүндү да жок болду. Ал бир аздан кийин созулуп кайта көтөрүлүп, экөө болуп көрүндү. Анын бири эң эле узун, экинчиси жалпак. Алар бир аз кыймылдап, мүрзөнү аралашты да, кайта жерге кирген эмедей жок болушту”.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]