Мазмунга өтүү

Сүрөт академиялары

Википедия — ачык энциклопедия

Сүрөт академиялары – көр-көм сүрөт искусствосу тармагында – жетекчилик ишмердиги жана окуу-тарбия иштери үчүн ылайыкталган атайын жогорку окуу жайлары. XVI кылымдан С. а. (мисалы, 1590-ж. негизделген Болония академиясы же 1648-ж. негизделген Париж академиясы) европалык көркөм искусство өнүгүшүндө көрүнүктүү роль ойной баштаган, ошол эле учурда кээ бир академиялардын ишмердиги, айрыкча XVII кылымдан баштап көркөм маданияттын нормалдуу өнүгүшүнө тоскоол болгон (к. Академизм макаласын). Буржуазиялык коомдун шарттарында С. а-нын иштөө милдеттери жана ыкмалары реалисттик көркөм өнөр өнүгүшүнө көбүрөөк каршы тура баштады. Бул учурда С. а. көркөм чеберчиликтин узак традицияларын сактоочу гана мааниде колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]