Сүтөй
Сүтөйдөн Тугур же Эртукур
Эртукурдун бешинчи атасы Тагай бийден Кылжыр, Богорстон, Карачоро, Жедигер деген канынан чыккан «тонсуз» балдары болсо, азып жүрүп асыранды болгон Азык, Саяк, Черик, Коңурат жана башка толгон-токой «тондуу» балдары болгон. Эртукурдун төртүнчү атасы Кылжырдын Орозбакты, Дөөлөс деген балдары тың чыгышып, кыргызга баш-көз болушат. Эзелки заманда кыргызга катаган баш болот, андан кийин бийлик багыштардын колуна өтөт. Кылжырдын балдары да бийлик дегенде ак эткенден, так этишип, эр жигит эл четинде, жоо бетинде дешип атактары катуу чыккан соң , булар багыштан да зор болду, «зорбагыш» болду дешип Кылжырдын балдарын сарбагыш атка кондурушат. Сарбагыштар «илебине нан бышып» турган маалда, катаган туш-тарапка тарап кеткен кези экен, калган-каткан катаганды сүрүп барып, калмактарга чектеш жерге алып барып коюшат. Мунун себеби катагандар биринчиден согушчул, жоокер калк болсо, экинчиден калмактар менен кармашып кырылып, күчү азайсын деген эле кеп. [1]
Эртукурдун чоң атасы Манап бийдин ошол кезде эмес, акыркы убактарга чейин атагы жаңырып турган. Азыркы учурда ага коюлган эстелик Токмок шаарында турат. Кыргыздарда манап, манапчылык деген ак сөөктөр тобун түзгөн титул бар, муну Манаптан улам алып, айрыкча аркалык кыргыздарда кеңири тарайт. Манаптардын өзүн алып жүрүү кадаа-салттары ушул Манапбийден улам түзүлгөн. Илгери кыргыздын манаптарында өзүн-өзү алып жүрүү кодекси болгон.
Манапка чейинки тарыхты карасак. Манап деген ат, арабдардын «Манаф» деген ысымынын калкасы, демек Манап бий туулган жылдары кыргыздар ислам дининде болуп, араб тилин кыргыздаштырып аттарды койо баштаган.
Дөөлөстүн Манап деген уулу мыкты чыгып, ага Миңшакек деген калмак кызын алып беришет. Манап арабдын Манаф деген сөзүнөн. Кыргыздарда деле жакшы аттар болсо керек, Манап төрөлгөн учурда кыргыздар ислам динине кирип калгандыктан, Дөөлөс ага уулуна Манап деген ат койгондур.
Манап бийдин Миңшакек деген байбичесинен тараган тукуму Дөөлөстүн балдарын сарбагыш дешип, Орозбактынын балдарын бугу атка кондуруп, сарбагыш деген атты өздөрү менчиктештирип алат. Болбосо сарбагыш деген Кылжырдын балдарына бирдей эле тиешелүү. Манап бийден Сүтөй, Сүтүке жана калмак кызы Миңшакек байбиченин чаяндай болуп ичин жарып чыккан Жарбаң баатыр. Жарбаң баатыр он алты жашында калмактар менен эрөөлгө чыгып калмактардын тамтыгын чыгарып, акесин окуткан.
Эртукурдун атасы Сүтөй сарбагыш манаптарынан көп эле сый көрүп жүргөн Санчы сынчы, мага да чечилип батасын берер деген үмүтү тутанып турат. Жакын туугандары бүт сарыбагышты башкарып турса, Сүтөй өзү кыргыздын эң бай адамы болсо, жакшы бата алса, төгүлүп –чачылып кетмек беле. Жакшы бата берсе аттап-тондоп, абдан чоң сый менен узатууну чечип Сүтөй өз балдарын сындатат. Санчы сынчы сакалдуу катары көп эле адамдардын балдарын сынап жүргөн.
Мейманчылык соңунда Сүтөй оюндагы тилегин айтып, Санчы сынчынын балдарын сынап беришин өтүнөт. Ошондо Санчы сынчы кыбыланы карап, алаканын жайып айтканы мындай, ал өзгөчө көңүл бөлүп айткан Сарсейиттин балдарынан Эсенкул баатыр. Ниязбек баатыр, Ормон хан, Атаке, Жантай, Шабдан, кийинки заманда Исакеев, Турдакун Усубалиев, Султан Ибраимов, Дүйшеев Арстанбек сыяктуулар чыккан. Азыр да куру эмес кыргызга белгилүү адамдар ушул Сарсейиттен чыгышкан.
Ал эми Эртукурга буларды өз бир туугандары Сарсайиттин балдары басып коюшат да, ага келчү дөөлөт кыздарына ооп кетет.
Олжотай
Эртукурдан Олжотай. Барыбызга белгилүү болгондой Х –ХV кылымдарда Теңир-Тоо аймагында «чогарык» аталыштагы түркий эл жашап турган. Бул Махмуд Барсканинин атактуу китебинде да, султан Бабурдун китебинде да ташка тамга баскандай жазылып турат. Ушул аталган эл кайда кетти деген суроо туулат. Бул эл эч жакка кеткен жок, бул эл азыркы кыргыз элинин курамында «чоңчарык» аты менен азыркы Жумгалда, Кетмен-Төбөдө, Ысык-Көлдө, Чүйдө жашап калышкан. Бул чоңчарыктар менен Эртукурдан тараган чоңчарыктарды ар кандай жол менен бириктотрп жибергендер бар. Бул чоңчарыктар эч кандай деле тиешеси жок. Анткени Эртукурдун баласы алардын баатыры Олжотайдын ушул чогариктерге кошулбаганын мындайча далилдээр элек. Биринчиден, Олжотай баатыр ошол замандагы жеке баатырлардан эмес, кадимки Манап бийдин небереси Эртукур бийдин небереси болгон. Анан кантип аны чогариктерге кошобуз:
«Сарысейит, Тукурдан.
Санжыргалуу туулган».
Олжотай бийдин өз заманынын баатыр уулу болгонун ошол замандан азыркы заманга чейин санжырачы, тарыхчылар эч кимиси шек кылган эмес. Эртукур бийдин небереси болсо, өзү ченемсиз баатыр болсо, Олжотай бийдин аскердик кошууну да болгон. Дал ушул аскердик кошууну менен Теңир –Тоодогу «чогарик» элинин калдыктарын өз элине кошуп алып Олжотай баатыр балким чогарык элинин бийи наамга жеткен. Чогариктер кыргызга сиңип чоңчарык аталат. Чоңчарыктар саяк, солто, бугу арасында да бар.
Дагы бир уламыш боюнча улак табылбай издеп жүрүшсө Олжотойдун чокоюнда жатып алыптыр. Ошондон улам булОлжотайдын тукуму чоңчарык аталган, ага окшош дагы бир мындай окуя болгон. Олжотайдын буту чоң болгон. Кыргыз элин бийлеп турган Сарсейит бий Олжотайды Коконго элчиликке жиберет. Олжотай Сарсейит бийдин бир тууганы Эртукурдун небереси. Аны менен кошо тестиер бала Сарсейиттин небереси Тынай Коконго барган. Кокон Бухара эмирдигинен бөлүнүп, өз алдынча бийлик жүргүзүп жаткан учур, Кокон бийлиги аркалык кыргыздарды сыйлоо үчүн элчиге келгендерди таманына төбөсүнө чейин кийинтет. Элчи башчысы Олжотай бийдин бутуна чак бут кийим таппай, атайын чарыктан тиктирип берген имиш. Кокондон чыкканда эле жаш Тынай «буту чоң, чоң чарык» - дей баштайт, тыйганына карабай, ошондон Олжотай бийдин тукуму «чоңчарык» аталып калган.
Олжотайдын Кокондо болгону
Олжотайдын айтылуу “Хан да байлыктуунун алдында ийилет экен”-деген лакап сөзү Коконго барган сый учурунан калган. Хандын кабыл алуусунда отурган мезгилде сарайдын ичине бир атчан килемдерди тебелеп-тепсеп бастырып кирет экен. Менменсинип каада күтүп отурган хан аны көргөндө ордунан ыргып туруп илбериңки учурашып калды дейт. Кийин бул ким эле деп сураштырса, көрсө хандын аскерин каржылаган, азыркыча айтканда бай бизнесмен сарт экен.
Олжотай Коконго жаз алды жөнөйт. Кокон жолу Фергана көк жайыгынын пахталуу өрөөндөрүн аралап өтөт. Жаз мезгилинин ортосу, апрель айынын жадыраган кези болот, азырынча гүл бакча гүлдөй элек. Пахта өскөн чарчы аянттардын тегиздиги ушунчалык, арык менен келген билектей суу өзү эле текши жайылгандай эле. Бул өрөөндүн көктөмдөгү көрүнүшү сүрөттөй сулуу. Жер менен көктү атайы жууп чайып тазартып койгондой көрүнөт. Кара көк таш жолдун кош капталында коңуздай кыбыраган дыйкандар көрүнөт. Арык бою шылдыраган суу тыт жыгачтарын айлана агат. Тар терезелүү үйлөр да талдын көлөкөсүнө жашырылган.
Миң уруулары турган Кокон хандыктарынын борбору Кокон шаары болгон. Кокон ханына кыргыздан элчи болуп Олжотай келген. Олжотай намаз окуганы мечитине да барат. Кокон хандарынын мечиттеринин биринин сырты чыгыш үлгүсүндө өңдөлгөн ак мармар менен капталган. Мечиттин жасалышы классикалык чыгыш өнөрүнүн эң соңку созолонткон обону сыяктуу. Мечиттин ичине эң сонун минарет коюлган. Мындагы көрүнүштөр эң ажайып эле. Мечиттин курулушунда куруучулардын эрк-күчү негизги идеянын кишенинде калган. Ошондон улам мечит куруучулар жан азабын тартышып, чыгармачылык эргиген эмгектеринин ордуна башкаруучу кожоюндарынын каалоосу боюнча кол эмгеги менен талап кыла турган жумуштар менен да алпурушкан.
Чөл көктөмүнүн төгүп өтүүчү нөшөрлөнгөн жамгыры мечиттин чополуу дубалдарын катуу чаят. Кээ бирөөнүн сөзүнө караганда, мындай нөшөрлөнгөнжамгыр кезинде дубалдарга кошо каланган адамдын баш сөөгү ачылып калат дешет. Өз өктөмдүгүн жүргүзүүчүлөр дубал бекем болот деген ишеним менен кулдардын, туткундардын денесин баткак менен кошо калай турган. Кокон Борбор Азиянын чак ортосундагы эрме чөлгө жашырынган, зулумдукка бөккөн хандык болгон. Ушундай уч кыйырсыз кум дөбөлөрүнөн мезгилдин өзү тосулгандай эле. Бул жерде суу алтынга барабар болуп, алкынган Сыр-Дарыядан башталып, ондогон чакырымга созулган арык аркылуу ылайланып жылжып гана агат. Кокон ханынын сарайы сепил ичиндеги сепил сыяктуу. Көзөнөксүз көтөрүлгөн кум түстөш дубалдары тиш-тиш болуп турат. Кокон ханы караңгы калктын каардуу бийлөөчүсү болгон. Баш көтөргөндөрдүн базар аянтында кекиртегин жулган, ал эми, күнөөлүү кулдардын кулагын дарбазага кагып, өткөн-кеткен анын бетине түкүргөн.
Кокон таң заарындагы азан айтуу менен кошо ойгонот. Алыстан азан айтуучулардын моокум кандырган үнү эшитилет. Мунаралардын чокусунда кумурскадай көрүнгөн азан айтуучулар таң заарында бирде көрүнүшүп, бирде көрүнүшпөйт. Алды менен мунаралардын чокусу гана көрүнөт. Андан кийин аздап – аздап аянтка тыгылыша салынган калаа бак-дарактардан бой ашыра алдыңан чыгат. Бейпилдиктин кучагындагы чакан калаа адегенде мечиттер менен көзгө түшүп, эскиликтин калдыгы жыттанып, сансыз кылымдык тарыхы сыбызгып турат.
Капыстан желп этип согуп өткөн жел кичинекей көзөнөктөгү тартылган жибекти көтөрүп Олжотай жаткан жеринин короосу эски калаанын дубалдары менен улашып жатканын байкады. Эмнегедир калаанын ортосунда турууну олжо көргөндөй, эски коргондун пайдубалы чөгүп, чочойгон жондору урай баштаган. Учурунда бул коргондор өзүнүн тутумундагы үйлөрдү чөлдүн кумунан, жоокер душмандарынан коргосо. Азыр заңкайган мечиттердин арасында чөгө түшкөндөй. Бирок коргондордун заңкайып, калкайып турганынын өзү эле көрөр көздү тарых менен тилдештирип тургандай. Кокон хандарынын катаалдыгы, өзү менен чектелген караңгылык мунарып тургансыйт. Коконду кооз көрсөткөн коргондор, мунаралар, мечиттер, медреселер, сарайлар бой керишет.
Олжотай баатыр Эртукур небереси кыргыз элинде жаңыдан түзүлгөн чогарык уруусунун эмес, өз алдынча сарбагыш уруусунун бийи болгонун ошол изилдөөлөрдө айкындала бермекчи.
Чиркей
Эми сөзүбүздү Эртукур бийдин Кочкордо жайгашкан асилдери тууралуу айта кетели. Эртукур бийден азыркы Кочкор районундагы жайгашкан чоңчарыктар булар, Чиркей бийден таралышат.
Чиркейдин чоң атасы Тайлак тууралуу сөз аз, мүмкүн анын Олжотайдан башка баласы болгон эмес
Эртукурдан Тайлак, анын Олжотайынан Чиркей бий, Курманбек, Көкүм бий, Райымбек дегендер жашап өткөн. Алардан таралган тукумдары Кетмен-Төбөдө, Чүйдө, Таласта жашашат. Эсенкул Эсенкул болуп турганда чоңчарыктардын бир даары Эсенкул менен журт талаша кетип, Эсенкул баатыр чоңчарыктын бир ыптасын Кетмен-Төбөгө көчүрүп жиберет. Ал кезде чоңчарыктар Эсенкул менен эрегишкен албуут калк болгон. Эсенкул манапка айтылат го: «Таякеңди таштокум атадың,
Чоң атаң менен бир тууганды чоңчарык атадың» деп. Дал ушул Эсенкулдун чоң атасы Маматкулдун тушунда Олжотай баатыр- чоңчарыктардын баатыры атанган.
Кетмен-Төбөдө белгилүү жазуучу Самсак Станалиев байке сыяктуу көп чоңчарыктап бар экени белгилүү. Чоң атасы Курманбек да Эсенкулдун куугунтугуна калып Балыкооз атка конгон Бекмурат наристе кезинен Кетмен-Төбөдө чоңойот. Ал жерден Балык Таласка Ажыбек датканын колуна барат. Ошол жерге барганда Байтик келип Ажыбектен өз тууганы кылып алып кетет. Кетеринде Балык ырдайт:
Суу сураса бал берген,
Суйсал апа аман бол.
Ат сураса төө берген,
Ажыбек ата аман бол», –деп.
Ошентип Чүйгө келип, Байтик менен Боз-Бөлтөктүн айланасын жердеп калат. Анын уулу Найманбай абдан чоң ырчы болгон. Биз азыр илгери Ниязбек хан, кийин Балык жайлаган жерге келдик. Атам сураштыр деп калчу, бул жерде Балык, Найманбайдын тукумдары бар деп. Мени деле сарбагышчыл деп коюшат. Сураштырсак туугандар бар экен, Байтик, Бишкекте да Балык, Найманбайдын тукумдары чоңчарыктар жашашат.
Кочкордо жашаган Чиркей бийдин ХVIII - ХIХ-кылымдагы жашоосу тууралуу азын-оолак сөз кылалы. Чиркей бий өзү да сарыбагыш болуу менен сарыбагыш манабы Маматкул менен замандаш болгон жана анын төрт уулу болгон, алар Аксакал, Аргынбай, Бирке, Карагул баатыр.
Чиркей элди көбүнчө бир чекитке уютууга аракет кылган киши болгон. Ынтымакка, тынччылыка, эмгекке, адилеттүүлүкө чакырган. Караөзгөйлүккө барган эмес. Эмне үчүн Чиркейдин сөзүн ынта коюп, эл-журт уккан. Анткени, калыстыкты бетине кармаган, адамга жамандык жасаган эмес. Туңгуюкка кабылып турган калың элди ошол кыйынчылыктан чыгарып алуунун жолун издеп тапкан. Атылган октой жиксиз, учкан куштай күлүк убакыт. Анын башаты жок, учугун издеп кайдан табабыз? Соңу да жок, түбү да жок. Бизге чейин не билинип, не билинбей эчен доорлор өттү доңшуган кайберендей кайгуулап. Эчен кыйла кылымдар өттү кырдын кызыл түлкүсүндөй кылактап, не бир азем хандар өтпөдү бийлигинен кан тамызып ыраактап. Эчен деген кыргыз баатырлары өтпөдү өз өмүрүн сак-сактабай, эл үчүн жанын берип, эчендеген көчмөн эл чайпалып агылды өз доорунун шарынан кетип карбаластап. Кыргыздар менен жуңгарлардын ортосунда мамилелер 1697-жылдан Жунгарстанда бийлик башына келген Цеван Рабдандын тушунда айрыкча кайрадан кескин курчуп кетет. Кылым башында Жуңгар хандыгынын манчжурлар менен согушуп алсыраганын сезген кыргыздар калмактарга тарттырып жиберген жерлерин кайтарып алууга аракеттенишет. Кайрадан калмактар күчтөнүп, 1723-жылы Ысык-Көлдүн чыгыш тарабын Цеван-Рабдан каратып алган. Галдан Церен 1727-жылы 60 миң колдон турган жуңгар баскынчыларынын жаӊы чабуулуна туш болуп жеңилип калышат да, Теңир-Тоолук кыргыздардын бир бөлүгү Ферганага, Тажикстанга, казактардын кыйласы Бухара, Кожент, Самаркандга кире качат. Казак хандарынын ордо шаары Түркстан душмандардын колунда калган. Ошол кезде элде: «Казак кайың сааганда, кыргыз Ысар киргенде» - деген лакап сөз калган. Анткени кыргыздар Тажикстандагы Ысарга (Гиссар) качып, казактар ачарчылыкта кайыӊдын ширесин агызып ичип жан баккан экен. Калмак феодалдарынын баскынчылык саясатына кыргыздар коргонуу менен гана жооп берген жок. Ыгы келген жерде алар да чабуул коюп турган. Шамендин чоң бабасы Маматкул бий баштап барган кыргыз кошууну Кашкар тараптагы калмактарды талкалап, жеңиш менен кайтат. Калмактар менен кыргыздардын ортосундагы чоң согуш 1748-1749-жылдарга туура келет. Ал согушту негизинен кашкарлык кыргыздар жүргүзгөнү белгилүү. Адегенде Зайсан Доржи, кийин Лама Доржи башкарган жуңгар колу согушта жеңилип, көп аскеринен ажыраган. 1749-жылы калмактар кыргыздарга каршы 27 миӊ аскерин жиберген. Жортуул үч айга созулуп, кайрадан баскынчылардын жеңилүүсү менен аяктаган. Бул ири жеңиштер кыргыз-калмак мамилелеринин тарыхындагы бурулуш мезгилдин башталышы, чындыгы Ата Журтту баскынчылардан толук бошотуунун башталышы эле. Хандыктагы ич ара саясий ынтымактын бузулушу, ошондой эле кыргыз, казак, өзбектердин көз каранды эместик үчүн тынымсыз күрөштөрү Жунгар мамлекетинин алын кетирип салган. Бул мезгилде калмактарга каршы кыргыздардын күрөшүнүн башында Маматкул турган.
Маматкул бий калмак баскынчыларына каршы күрөштө кыргыз урууларына башчылык кылган, жоонун жортуулдарынын маалында бүлгүнгө учураган, чачыраган элдин башын бириктирүүгө жана ошол кыйын кезеңде көз каранды эместик үчүн кармашта кыргыздарга арка бел боло ала тургандар менен мамиле кылууга көп күч жумшаган. Кытай аскери менен кыргыздар 1758-жылы да кагылышат. Кытай генералы Чжао Хойдун кошууну качкан калмактарды куугунтуктоону шылтоо кылып Иле өрөөнү аркылуу Сан -Таш ашуусунан өтүп, Ысык-Көл кылаасына кирип келген. Белек башында турган көлдүк урууларга Маматкул кол жиберет, айыгышкан согуштан кийин кытай аскерлерин кыргыз жерин таштап кетүүгө мажбур кылышат. Кыргыздарды күчкө салып багындыра албасына көзү жеткен Кытай бийлиги алар менен тынчтык байланышты түзүүгө аракеттенет. Генерал Чжао Хойдун демилгеси боюнча кыргыздардын атынан Шамендин чоң бабасы Маматкул бий 1758-жылы өз элчилерди атайын жабдып, Бээжинге жөнөткөн. Элчилерге Маматкулдун жакын тууганы Чиркей башчылык кылып, солто уруусунан кытай тилин жакшы билген Нышаа баатыр, саяк элинен Төрөке, кушчудан Шүкүр сыяктуу, ар бир уруудан өкүлдөр барган. Элчилерди Кытай императору Цянь-Лунь жылуу кабыл алат. Элчилер кытай бийлигине мурда жунгарлар басып алган жайыт-конуштарды кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылышат. Кытай императору териштирип көрөйүн деген убада берген. Бирок кыргыздар императордун жообун күтүп олтурбай эле, ал жерлерди ээлеп алышкан. Синьцзянда Кытайдын бийлиги орногондон кийин, ал жердеги кыргыздардын бир бөлүгү Ала-Тоого журт которот. 1760-жылы миңден ашуун чериктер Кашкардан Ат-Башыга көчүп келген. Канткен күндө да кыргыз жеринде туруктуу жашаган кытай аскери, аскердик чептер, турак жайлар болгон эмес. Чүрчүт аскерлеринин зордук-зомбулугуна кыргыздар татыктуу жооп кайтарышкан.
Карагул баатыр
Чиркейдин Аксакал, Аргынбай, Бирке уулдары азыркы Кочкор районундагы Кум-Дөбө жана Комсомол айылдарында, ал эми Карагулдун балдары Кара-Сууда. Биркеден Миңбай, Жүзбайлар малга бай. Биздин Карагул деген аталарыбыз өз заманында мыкты чыккан. Совет заманында чоң чарыктан Ногоев Карагул деген чыккан. Ошондо Карагулга чоңчарыктар сыймыктанып, бизде экинчи Карагул чыкты деп айтчу экен. Ногоев Карагул Кочкор райисполкомунун жетектеп, ал кездин мыйзамы боюнча Кочкор районун кыңк дегизбей башкарчу тура, аны менен бир келаткан Эсенбайдын бир уулу да жаш болсо аты катуу чыкчу экен. Ал оорудан жаш эле кетиптир Карагул Баялы Исакеев менен жакшы экен репрессиядан кетсе керек.
Биздин атабыз Карагулга эмне үчүн баатыр наамы берилген. Биринчиден, илгери уруу башчыларына баатыр наамы берилген. Азыр сарбагыштын арасына сиңип кеткен чогарык урусунан башында Чиркейден соң Карагул турган. Экинчиден, кийинки көз караш менен алганда деле Карагул баатыр адам болуп, Эсенкул баатырдын бир кошуунду бийлеген ишенимдүү адамы болгон. Карагул казактын Сан-Барак, Абылай хандары Талас, Чүйдү басып киргенде, жоого каршы аттанган Эсенкулдун кол баштаган жигиттеринин бири болгон. Бир кызы Үкү апаны Эсенкулдун Куттуксейит деген уулуна берген. Андан учурунда топ жарган Шамен туулган.
Казактар Жайыл кыргынын салып, Чүйдү жамырап каптап киргенде, жанын аябай салгылашып, азыркы Токмокко чукул тоонун этегинен кайтыш болгон. Карагул баатырдын өлүгүн айрымалай албай турганда жакындарынын эсине түшүрөт, көрсө Карагул атабыз шашып шымын ууктун боосу менен курчанат, аны боосу аркылуу табышат, ал кайтыш болгон жерди анын көзү өткөн соң Карагул-Булак дешип, Токмоктогу сарбагыш туугандар азыр да ыйык мазар катары көрөт. Ууктун боосун тагынып Карагул бабабыз өткөн. Турмушта боло берет, кээде жумуш кылып жатып, шым шыпырыла бергенинен жип менен байлап койосуң, анан чече албай калганда Карагул ата эске түшөт.
Илгери Карагул-Булакка жакын сарбагыштардын көрүстөнү болгон, бир ирет өлүк коюп жаткан кези экен, Балбак баатырдын (Шамендин небереси, болуш) келе жатканын көргөн Шабдан баатыр ичи жылып: «Балбактар, топурак салышсын» -деп көмдүрбөй турат. Балбактар топурак салмак түгүл, урган боюнча өтүп кетип калышат. Көрсө Шабдандын ордун мээлеп жүргөн кез экен.
Карагул баатырдын өз заманынын баатыр уулу болгонун ошол замандан азыркы заманга чейин санжырачы, тарыхчылар эч кимиси шек кылган эмес. Олжотай бийдин небереси болсо, өзү ченемсиз баатыр болсо, Карагул баатырдын аскердик кошууну да болгон. Дал ушул аскердик кошууну менен Теңир –Тоодогу «чогарик» элинин калдыктарын өз элине кошуп алган чоң атасы Олжотай баатыр сыяктуу беттешкенинен кайра тартпас адам болгон. Ал Олжотай баатырдын небереси кыргыз элинде жаңыдан түзүлгөн чогарык уруусунун бийи болгон. Карагул баатырдын тукумдары Кара-Суу айылында жашап турушат. Карагулдан Качыбек жана Оруз, Качыбектен Кудаяр, Кубат жана Таштанбек. Чоңчарыктардын 18-19-кылымдагы жашоосу Чиркей бийдин баласы Карагул баатыр кадимки Эсенкул баатырдын замандашы болуу менен өзүнө баатыр деген наамды кан менен терин төгүп ээ болгон.
Кийин совет заманында Карагул Ногоев деген советтик бир районду чарк айланткан райисполком, белгилүү кызматкер чыкканда, бизде эки Карагул чыкты деп элдин кубанганына караганда Карагул баатырдын 150 жылга чейин элдик эс-тутумда сакталып калганы көп нерсени айтып турат.
Карагул Ногоев сталиндик заманда Улуу Ата-Мекендик согушка чейин эле белдүү адам болгон. Аны менен чамалаш Эсенбайдын дагы бир уулу катуу чыгып келатып, мерт болгон.
Ал эми Карагул баатырдын тукумдары Кара-Суу айылында жашап турушат. Карагулдан Качыбек жана Оруз, Качыбектен Кудаяр, Кубат жана Таштанбек. Оруз уулу Ат-Башыда Рыскулбектер менен жашаса, Төрөгелди менен Аксакал, Аргынбай, Биркенин тукумдары жашап, Качыбектин тукумдары Шамен менен жашашкан. Олжотай баатырдан соң чоңчарыктарды Карагул баатыр чогарык аттуу уруунун бийи болгонун жана ушул чогарыктер азыркыча чоңчарык уруусу чоң манаптарга (Төрөгелди, Рыскулбек, Шамен) баш ийбей Теңир-Тоонун ичинде эркин жашап келгенин, жашаган жана азыр да жашап жаткан кыргыз элинин бир уруусу.
- ↑ https://www.facebook.com/eker.esenbaev/posts/pfbid029dzvz4qKvZoVQ2dp55FAw8XpDYReoDsCwXCVMHPFo6F6V9Sx2ZQUnDUzHQAngTqWl?__cft__%5B0%5D=AZXThNV0cSoF63VAYUqdEZ1EX83KOM2fsqNca6FLyenVQUJ3Xqx07t511rhNNdHVjMaPz_Ui84QBf20FhzpwPnn0YBzRzY2M8yyKAuM9C3QbmhAMGClX4FOU-G__xryrK__qmCb_9OZaTHS2d80kSsP9Tps3IxZiHbC2FC4FZ83ViQfiCKiNdj5pzYzIQJHKlXk&__tn__=%2CO%2CP-R