Сөгөт чокусу
(«Сөгөт, чокусу» барагынан багытталды)
Сөгөт чокусу - Алай кырка тоосунун чыгыш бөлүгүндөгү бийик чоку. Бийиктиги 4697 м. Эки жагынан Сөгөт суулары (Чыгыш Көксуу менен Гүлчөнүн куймалары) башталат. Батыш капталы тик, аскалуу келип, жону тайпагыраак. Түндүк капталы кар-мөңгүлүү. Чоку жаткан тоо карбондун сланец жана кумдук тектеринен турат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргызстандын географиясы, Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2