Сөз бириктирүү

Википедия дан

Сөз бириктирүү – эки же андан ашык уңгуну (негизди) бириктирүүгө негизделген сөз жасоо ыкмасы.

Сөз бириктирүүнүн натыйжасында татаал сөз же ком-позит пайда болот. Сөз бириктирүү тилдеги бирдиктердин айкашуусунун морфологиялык жана синтаксистик ыкмаларынын ортосундагы аралык абалды ээлейт. Татаал сөздөрдүн айрым түрлөрү структурасы боюнча сөз айкаштарына жакын болуп, бүтүндөй сөздөрдүн комбинациясынан турат.

Татаал сөздөргө бүтүндүк белгилери мүнөздүү:

  • 1) 1-компоненттин грамматикалык маанисинин жоголушу (Мис., кыркаяк – 1-компоненти сан атооч болсо да, татаал сөз зат атоочту билдирет);
  • 2) компоненттердин жайгашуусунун белгилүү бир тартиби (темир жол жана жол темир);
  • 3) бир негизги басымдын болушу: бака жалбырак;
  • 4) морфологиялык өзгөчөлүктөр;
  • 5) татаал сөздүн бирге же дефис аркылуу жазылышы.

Татаал сөздөр составындагы компоненттеринин өзара байланышына карай 2 түргө бөлүнөт:

  • 1) тең байланыштагы – тең укуктуу компоненттердин комбинациясы;
  • 2) багыныңкы байланыштагы - компоненттердин бири синтаксистик жактан негизги роль ойнойт, башка компоненттер ага көз-каранды болот. Компоненттердин байланышуу жолдору боюнча Сөз бириктирүү 2 ге бөлүнөт: а) Сөз бириктирүү уңгулардын жана негиздердин фонетикалык эч кандай өзгөрүүгө учурабай биригиши, б) уңгулардын фонетикалык жактан өзгөрүүгө учурап биригиши.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4