Сөөк коюу

Википедия дан

Сөөк коюу – адам каза болгондон кийин, санитардык жана башка талаптарга каршы келбеген үрп-адат жана каада-салттарга ылайык анын денесин көмүү боюнча каадалык аракеттер. С. к. денени (сөөктү) жерге берүү (бейитке коюу, көмүү), өрттөө (кийин анын күлү салынган кутуну көмүү менен денени кремация кылуу), сууга агызуу жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн. Жан бар жерде өлүм бар.
Эл макалы

Фарсы илимпозу Гардизинин (XI к.) жазгандары боюнча VIII кылымда кыргыздар өлгөн маркумдун сөөгүн өрттөгөн. От аларды күнөөлөрүнөн арылтат деп эсептешкен. Ал эми араб илимпозу Шараф аз-Заман Тахир Марвази X кылымдан баштап теңиртоолук кыргыздар маркумдун сөөгүн өрттөө жөрөлгөсүн таштап, мүрзөгө көмө башташканын жазган.
Адамдын кайтыш болушу адамзаттын жашоосундагы эң кайгылуу окуялардын бири. Муну кыргыздар «адам дүйнө салды, каза болду, кайтыш болду, адамдын катары келди, согушта кайтыш болсо - курман болду ж.б.» деп аташат. Өлдү деген сөздү көп пайдаланышкан эмес. Байыркы заманда белгилүү баатырлар, эл башылар жоодон курман болсо, денесин башка жерге калтырбастан, өз жерине алып келип коюшкан. Дене бир нече күндө бузулуп кеткендиктен, этин шылып таштап, сөөгүн алып келип коюшкан. Бул «Манас» эпосунда да «кылыч менен кырдырып, кымыз менен жуудуруп» деп айтылат. Сөөк коюу деген сөз мына ушундан калса керек.
Адам кайтыш болору менен боз үй тигиле баштайт.
«Майрам» сууга алуу. Адам үзүлгөндөн кийин денеси сууй баштаганда тиги дүйнөгө таза кетсин, зыйнаты болуп жатканда таза жатсын деп «майрам» сууга алат. Ал үчүн үч же беш адам даарат алат, өлүктү чечинтет. Бироо суу даярдап, экинчиси суу куюп берет, үчүнчүсү колдорун каруусуна чейин даки же ак чүпөрөк менен ороп денени жууйт. Суу жылуу болушу керек. Адегенде башынан баштап, эң акырында буттарын жууйт. Калгандары денени ары-бери которуштурууга жардамдашат. Дайыма даараттуу жүргөн дин жолундагы адам мүрт кеткенде, Ата мекенин коргоодо каза болгондо аларды «майрам» сууга албай коюуга жол берилет. Ал эми өз жанын өзү кыйгандарга өлүк зыйнатын жасоого жол берилбейт.
«Майрам» сууга алгандан кийин сөөк жайына коюлат. Каза болгон адам эркек болсо, боз үйдүн эр жак, аял болсо эпчи жак капшытына жаткырылат. Көшөгө тартылат. Ушундан кийин га¬на үн чыгарышат. Эркектер «Эзил кайдан бир боорум о-ой, эми кайдан көрөйүн о-ой!» деп бөйрөк таянып өкүрүшөт, аялдар кошок кошушат. Жакындарына, дос-тамырларына, жерге-жээгине кабар айттырылат. Аза күтүү зыйнаты башталат. Аза күтүүдө кыздар кызыл кийишкен, аялдар кара кийишкен. Сөөк үйдөн чыгарылаарда да жуулат. Бул өлгөн адамга тирүүлөрдүн көрсөткөн акыркы сыйнаты, урматы.
Илгери сөөк чыга турган үйгө туу көтөрүшкөн. Эгер каза болгон адам жаш болсо кызыл, кары адам болсо ак түстөгү туу көтөргөн. Зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн адамга кызыл желек илишкен.
Кыргыз салтында өлүк чыккан жерде мал союлуп, тамак асылчу эмес экен. Башкача айтканда өлүк чыккан жерден түтүн чыгарышкан эмес. Аза күтүп отурган туугандарына кошуналары тамак алып келип берген.
Байыркы мезгилде көп жашаган касиеттүү, нарк-нускалуу, эл кадырлаган аксакалдардын, энелердин көзү өткөндө эски кийимдерин айрып жаш балдарга көз тийгенден, арууркагандан сактоо үчүн ырым кылып, тумар жасап беришкен экен. (Кыязы, жыртыш берүү ушундан чыкса керек. Жыртыш берүү, жаңы кийим илүү кийин эле адатка айланып кетти, бул салт эмес).


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]