Сөөк тоосу

Википедия дан

Сөөк тоосу Ички Тянь-Шанда.

Суусамыр жана Кочкор тектоникалык өрөөндөрүнүн аралыгында кендик багытка жайгашкан. Уз. 58 км, бийикт. 4281 м, туурасы 12-20 км. Чыгыш бөлүгү бийик аскалуу, батышы жапызыраак (3800-4000 м). Капталдары майда суулардын кууш өрөөндөрү менен тилмеленген. Мөңгүнүн аракетинен пайда болгон рельефтин формалары (трог, ригель, цирк-кар) жана тоо бетиндеги түзөңдөр - супачалар бар.

Палеозойдун гранит, кумдук, аки таш тектеринен турат. Ландшафттары бийиктик алкактуулук боюнча (альп, субальп 3500-3700 м, ниваль 3700- 4100 м) өзгөрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.