Сөөк узануучулук

Википедия дан

Сөөк узануучулук - элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Бодо малдардын — төөнүн, жылкынын, уйдун, топоздун жамбаш жана жото жилик сөөктөрүнөн кооз белек-буюмдарды жасоочулук. Мында абалы сөөктүн майын кетириш үчүн аны да мүйүздөй эле белгилүү өлчөмдө сууга кайнатып алат. (Азыр элдик кол өнөрчүлүк бирикмелеринде сөөктү абалы авиабензинге салып, перегидроддон 30 проценттей кошуп кайнатууну иш жүзүнө ашырууда.) Мындан чебер өзүнүн формасына ылайык фигураларды, вазаларды кол учунан эле жасоого жарайт.

Сөөктөн ар түрдүү кутучалар кармалат. Чеберлер сөөктүн ички кемиктерин оюп ташташат. Мүйүз жана сөөктөн кыз-келиндердин азем нускаларын жасоодо чеберлер шуру менен күмүш зымдын ар кандай жоон-ичке түрлөрүн эриш-аркак пайдаланышат. Мындай буюмдар кезегинде көп чыккан. Алар мурас катары этнографиялык, мамлекеттик тарых жана сүрөт музейлеринде арбын сакталууда.

Бүгүнкү сөөк менен мүйүз чеберлери улуттук мүнөзгө эгедер бир көркөм үлгү түзүүдө оболу анын кейпин кагазга түшүрүп алышат. Ал үчүн сөөктүн, мүйүздүн ар кандай жумурусу тандалат. Азыр талапка ылайык жука сөөк-мүйүздөр өтүмдүү болот. Мындан бардык нерсени каалагандай жасап алууга болот. Сөөктөн азем буюмдардан сырткары бычак сап, ар кандай тээктер, балага шимек, топчу, седеп, ордо томпою өңдүүлөр кармалат да, аны жасоочу аспап-куралдары мүйүзчөлөрдүн аспап-куралдарынан айырмаланбайт.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]